Категория: Илим жана техника - Published: 04/11 - 14:08

Иранда Probiotic дарыларынын жаңы муундагы  4 үлгүсү чыгарылды.

"Pars Today" агенттигинин маалыматына ылайык, 3-ноябрда Тегеранда Fami Lact 2 plus, Pyloshot, Lactogum, Geri Lact 2 plus деп аталган жаңы пробиотикалык дары-дармектердин бет ачаары болду.

Белгилей кетсек, жаңы муундагы пробиотиктер организмдеги айрым клеткаларга туташууга кудуреттүү клеткалардан жана дене саламаттыгын сактоо системасына карата колдонулат.

Ошондой эле пробиотиктер ичеги-карын, ооз көңдөйү жана ашказан жарасына пайдаланылат.
 Эске салсак, ИИРдин медициналык жааты 2018-жылы май айында Американын Иранга каршы койгон санкцияларынан, анын ичинде дары-дармекке киргизген чектөөлөрүнөн кийин да көрүнөөрлүк өсүүдө.