• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Илим жана техника - Published: 06/09 - 12:59

Ирандык окумуштуулар ар кандай кризистик кырдаалдарда колдонула турган амфия роботту жасоодо ийгиликке жетишишти.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Ирандык изилдөөчү Ахрар Сарави “Fars News” агенттигине берген маегинде, “Мен ирандык изилдөөчү Нерван Бахбу менен бирге амфия робот жасадык. Аны келечекте ар кандай кризисттик кырдаалдарда адамдардын ордуна колдоно алабыз”, - деп билдирди.

Анын айтымында, роботтун көлөмү 25х10 сантиметрди түзөт жана ал сел, жер титирөө, жада калса өрт учурларында дагы  куткаруу иштеринде колдонулат. “Бул амфибия роботтун окшош прототиби бар. Бирок биз аны жакшыртуу үчүн ага бир катар өзгөртүүлөрдү киргиздик. Мисалы, мурдагы үлгү роботтун бою кыска жана салмагы оор болчу. Бирок биз башка технологияларды колдонуу менен сууда оңой сүзүүсү үчүн роботтун салмагын жеңил кылып жасадык”, - деди Ахрар Сарави.

Ал учурда амфибия роботту жасоо иши аягына чыкканын, бирок анын натыйжалуулугун жогорулатууга аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+4°C Тегеран
+1°C Москва
-2°C Алматы
-6°C Бишкек
-4°C Астана
+5°C Дүйшөмбү
+5°C Ашхабад
+2°C Ташкент