Категория: Илим жана техника - Published: 03/09 - 10:29

Ирандын Саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды дарылоо жана органдарды трансплантациялоо борборунун директору Шираз университети боорду трансплантация жасоо боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат деп билдирди.

Бул тууралуу “IRIBNews” агенттиги жазды. Доктор Мехди Шаднуштун айтымында, азыркы учурга чейин Шираз университетинде  эле 5 миң боор алмаштыруу операциясы жасалган.

Ал Шираз университети жылына 700 боор алмаштыруу операциясын жасап, дүйнө жүзү боюнча биринчи орунда турарын айтып, бул жаатта жылына 400 боор алмаштыруу операциясын ишке ашырган Американын бир университети экинчи орунда турарын белгиледи. 

Мехди Шаднуш Иран боюнча азыркы учурга чейин 53 миң боорду трансплантациялоо операциясы жана 1300 жүрөктү трансплантациялоо операциясы жасалганын кошумчалады.