Категория: Илим жана техника - Published: 30/08 - 14:04

Ирандык изилдөөчүлөр ар кандай жердеги объекттерди аныктап, табуучу аппарат жасоодо ийгиликке жетишишти.

Бул тууралуу «FarsNews» агенттиги кабарлады. Бул аппарат көбүнчө көзү азиздер үчүн колдонулат жана аларга кандайдыр бир объекттерди табууга жардам берет.

Эгер көзү азиз адамдар бир буюмун жоготуп, таппай калса, анда алар башкалардын жардамысыз эле бул аппараттын жардамы менен ал буюмун таба алат.

Азыркы учурда аталган аппарат бир нече объектти аныктоого жөндөмдүү жана ирандык изилдөөчүлөр аны жакшыртууга умтулушууда.

Маалыматка караганда, аппаратка камералар орнотулган. Ал объектти тапканда билдирүү берет. Мындан тышкары, бул аппарат кыска убакыттын ичинде бөлмөдөгү баардык объекттерди мониторго чыгарып бере алат.