Категория: Илим жана техника - Published: 15/08 - 13:51

Окумуштуулардын жаңы изилдөөлөрү флавоноиддерге бай азыктарды колдонуу жүрөк ооруларынын жана рак илдетинин кесепетинен болчу өлүм коркунучун азайтарын көрсөттү.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды. Medical Daily интернет-порталы маалымдагандай, флавоноиддерди дээрлик баардык жашылча-жемиштердин курамынан табууга болот.

Бул кошундулар көптөгөн пайдалары бар маанилүү антиоксиданттардын бири катары белгилүү. Изилдөөчүлөр адам баласы күнүнө кеминде 500 миллиграмм флавоноиддерге бай азыктарды, анын ичинде жемиштерди, ачуу шоколад, соя азыктарын жана чай колдонушу керектигин сунушташты.

Изилдөөчүлөрдүн жетекчиси Никола Бондонно “Изилдөөлөрдүн бул жыйынтыктары абдан маанилүү болуп саналат, анткени бул азыктарды колдонуу жүрөк ооруларына жана рак илдетине чалдыгуунун алдын алат”, - деп белгиледи.