Категория: Илим жана техника - Published: 15/08 - 11:19

Жаңы Зеландияда кишинин тулку боюндай чоң пингвиндин калдыктары табылганын Кентербери музейинен кабарлашты.

Бул туурасында “Fars News” агенттиги жазды. BBC агенттиги маалымдагандай, байыркы пингвиндин табылган сөөктөрүнүн узундугу болжол менен 160 сантиметр, салмагы 80 килограмм.

Пингвин Жаңы Зеландияда палеоцен доорунда (56-66 миллион жыл мурун) жашаган. Кентербери музейинин башкы куратору Пол Скофилддин айтымында, табылга Түштүк жарым шарлардын сууларына таандык болгон эң чоң байыркы пингвиндин бир түрү болуп саналат.