• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Илим жана техника - Published: 06/08 - 17:15

Иран медицинасы боюнча адис коон жана балга окшогон айрым азык-түлүктөрдү бир убакта пайдалануу ичти оорутуп, организмге зыян алып келерин билдирди.

Доктор Нафисе Хоссейни ISNA агенттиги менен болгон маегинде Иран медицинасында азык-түлүктөрдү өзүнө ылайыктуу татымдар менен колдонуу сунушталарын билдирди. Мисалы, жасмыкты балтыркан (борщевик) менен чогуу пайдалануу. Ошондой эле айран менен бадыраңды жалбыз менен бирге пайдаланууда жалбыз муздак айран менен бадыраңды орточо мүнөзгө алып келерин айтты.

Ал эми Ирандын медицинасында бирге пайдаланууга тыюу салынган азыктар боюнча мындай деди: “Ирандын илимпоздору эки азыкты аралаштырып жегенде организмге зыян алып келиши мүмкүндүгүнө басым жасашат. Бул тууралуу байыркы Иран медицинасында дагы баса белгиленген. Бүгүнкү күндө дагы биз бирге пайдаланууга тыюу салынган азыктарды карап чыгуубуз керек”, - деди ал.

“Иран медицинасында чогуу пайдаланууга тыюу салынган азыктардан мисал келтире турган болсок: балык менен жумуртка же коон менен бал. Тажрыйбалар бул азыктарды чогуу жегенде ичти оорутуп, организмге зыян алып келиши аныкталган”, - деди Нафисе Хоссейни.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+4°C Тегеран
+1°C Москва
-2°C Алматы
-6°C Бишкек
-4°C Астана
+5°C Дүйшөмбү
+5°C Ашхабад
+2°C Ташкент