Категория: Илим жана техника - Published: 03/08 - 10:44

Индиянын тиш дарыгерлери 7 жаштагы бейтаптын оозунан 526 тиш сууруп чыгышты.

Бул тууралуу ISNA агенттиги Daily News маалыматына шилтеме берип билдирди.

Белгилей кетсек, Индиянын Чинай шаарынын тиш оорусунан тынчсызданган 7 жашар тургунунун ооз көңдөйүн дарыгерлер рентгенге тарткандан кийин эсеби жок майда тиштердин топтому чыккан.

Дарыгерлердин айтымында, баланын оозунан узундугу 10-15 мм. болгон 526 тиш табылган. Мынча майда тиштердин топтолуусунан улам, баланын жаактары шишип кеткени белгилүү болгон.
 

Азырынча жаш бейтапка сейрек кездешүүчү Composite odontoma диагнозу коюлган жана учурда анын себептери изилденүүдө.