• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Илим жана техника - Published: 26/07 - 08:54

Окумуштуулар акыркы изилдөөлөрүндө ачуу калемпирди ченемден ашык пайдалануу Альцгеймер оорусуна чалдыгуу коркунучун жогорулатарын аныкташты.

Бул тууралуу «Fars News» агенттиги кабарлады.
Окумуштуулар акыркы изилдөөлөрүндө улуу муундагы адамдар күнүмдүк тамак-ашына 50 граммдан ашык кызыл калемпир колдонсо, Альцгеймер оорусуна чалдыгуу коркунучу жогоруларын аныкташты.

Изилдөөчүлөр кызыл калемпирди көп пайдалануу эске тутууну талдап, Альцгеймер оорусуна чалдыгуу коркунучун 56 пайызга жогорулатарын баса белгилешти.
Калемпирдин таасирлери көп жылдардан бери эле белгилүү болуп келет жана адамдар бул азыктын мээге берген терс таасирин жакшы эле билип калышты.

Ошондой эле, эксперттер кызыл же ачуу калемпирди ашыкча пайдалануу рак шишиктерине алып келерин дагы айтышууда.
Бул изилдөөдө изилдөөчүлөр 4500 адамды текшерип чыгышып, алардын ичинде акыркы 15 жылдын аралыгында күнүнө тамак-ашына 50 граммдан ашык кызыл калемпир пайдалангандары эске тутууларынын 56 пайызынан айрылганына күбө болушкан.

Изилдөөлөрдүн натыйжалары кызыл калемпирди пайдалануу пайдалуу экенин, бирок аны ченемден ашык пайдалануу орду толгус кесепеттерге алып келерин көрсөттү.

Ачуу азыктарды тамак-аштарында көп пайдаланган Кытайдын Сычуан жана Хунан сыяктуу айрым аймактарында олуттуу түрдө Альцгеймер оорусу менен жабыркагандар байкалат.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+4°C Тегеран
+1°C Москва
-3°C Алматы
-6°C Бишкек
-4°C Астана
+7°C Дүйшөмбү
+5°C Ашхабад
+2°C Ташкент