Категория: Илим жана техника - Published: 12/07 - 17:54

Окумуштуулар сүт азыктары жоон ичеги жана табарсык рагынын пайда болуусунун алдын аларын аныкташты.

Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады. Сүт – ден соолукка пайдалуу азык экендиги эчактан бери эле белгилүү. Эми окумуштуулар жаңы изилдөөлөрдү жүргүзүп, сүт ар кандай өнөкөт ооруларга  чалдыгуу коркунучун төмөндөтүүгө жардам берерин аныкташты. Европа жана Американын университеттеринин эл аралык изилдөөчүлөрү сүт жана сүт азыктарынын өнөкөт ооруларга болгон таасири жана анын ролу туурасында  жүргүзгөн 14 илимий изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялашты.

Окумуштуулар майлуу эмес сүт азыктары метаболикалык синдромго, экинчи типтеги кант диабетине чалдыгуу коркунучун  азайтарын аныкташты. Изилдөөчүлөр аз өлчөмдө сүт ичкен жана сүт азыктарын колдонгон адамдарда жоон ичеги жана табарсык рагынын пайда болуу коркунучу азаят деген жыйынтыкка келишти.