Категория: Илим жана техника - Published: 20/06 - 17:43

Ирандык адистер Түркиянын Стамбул шаарында биринчи жолу онкологиялык ооруларга каршы дарыларды өндүрө баштады.

Ал дарылар Түркиядан Европанын 20 өлкөсүнө экспорттолот. Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады. Маалыматка ылайык, ирандык адистер дары-дармектердин 22и түрүн өндүрө баштады. Анын ичинде онкологиялык ооруларга, нерв системасынын ооруларына, кан ооруларына, остеопороз илдетине жана склерозго каршы препараттар бар. Ирандын бул компаниясынын дары-дармектери бир гана Түркиянын муктаждыктарын камсыз кылбастан, ошондой эле Түркия аймагынан дүйнөнүн 20 өлкөсүнө экспорттолот.