• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Илим жана техника - Published: 12/06 - 19:08

Окумуштуулар кечкисин телевизордун маңдайында же башка жарыктарды күйгүзүп уктаган адамдарда кошумча салмак кошуу коркунучу жогору болорун аныкташты.

Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады. Окумуштуулардын жаңы изилдөөлөрү телевизордун маңдайында же башка жарыктарды күйгүзүп уктаган адамдардын зат алмашуусу бузулуп, ашыкча салмак кошуусуна алып келерин көрсөттү. Бул изилдөөлөрдү жүргүзгөн окумуштуулардын бири Дейл Сэндлер түнкүсүн бөлмөнү толугу менен караңгы кылып уктоо керектигин билдирди.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, уйку циклининин бузулушу семирүүгө, кан басымынын жогорулашына, депрессияга жана диабетке алып келүү коркунучун жогорулатат. Окумуштуулар изилдөөнү жүргүзүүдө 44 миң аялдын жашоо образын сурамжылоого алып, бөлмөдө телевизорду же башка жарыктарды күйгүзүп уктаган аялдар караңгы бөлмөдө уктаган аялдарга салыштырганда 5 килограмм  салмак кошконун аныкташкан. Мындан тышкары, бул аялдардын семирип кетүү коркунучу 30%га көбөйгөн.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+4°C Тегеран
+1°C Москва
-2°C Алматы
-6°C Бишкек
-4°C Астана
+5°C Дүйшөмбү
+5°C Ашхабад
+2°C Ташкент