Категория: Илим жана техника - Published: 11/06 - 14:41

НАСА Марска учурууга пландалган тик учак даяр экенин билдирди.

Sputnik агенттигинин маалыматына ылайык, Марска учуруу үчүн иштелип чыккан тик учак бардык сыноолордон ийгиликтүү өттү жана кызыл планетага жиберүүгө даяр.


Америка Кошмо Штаттарынын космостук агенттигинин тик учагы тарыхта башка планетанын атмосферасында уча турган биринчи түзмөк болуп саналат. Бул түзмөктү сунуштаган илимпоздордун максаты - Марс планетасында учууга мүкүн экенин далилдөө жана бул жолду мындан аркы изилдөөлөр үчүн ачуу болуп саналат.


Планга ылайык, аталган тик уак 2020-жылы Марска учурулат.