Категория: Илим жана техника - Published: 27/05 - 16:24

Тажикстанда илимий жыйындын алкагында өлкөдө өндүрүлгөн учкучсуз учак алгачкы жолу асманга учурулду.

Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Тажикстандын Илимдер Академиясында “Учкучсуз башкаруудагы учактарды колдонуунун технологиясы жана алыс аралыктагы көрүнүшү” аттуу эл аралык илимий-практикалык жыйын өттү.
Анын алкагында Тажикстан менен Кытайдын учкучсуз аппараттары көргөзүлдү. Учурулган учактар эки түрдө экени, бири электр энергиясы (батарея) менен, экинчиси күйүүчү май менен иштей тургандыгы баса белгиленди.
Жыйынга катышкан Тажикстандын Илимдер Академиясынын жетекчиси Фархад Рахими илимий-изилдөө максатында учкучсуз башкаруудагы учактарды колдонуу Борбор Азия боюнча бир гана Тажикстанда ишке ашырылып жатканын баса белгиледи.
Берилген маалыматтарга караганда, бул учкучсуз аппараттардын баасы 20-25 миң долларды түзөт.