• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Маданият - Published: 08/10 - 16:31

Бишкек, 8-октябрь, 2018-жыл. /ca-irnews.com/. 8-октябрда Бишкек шаарындагы кыргыз-түрк “Манас” университетинде белгилүү перс акыны, улуу ойчул жана даанышман Мевлана Жалал ад-Дин Мухаммад Балхинин 811 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өттү.

Аталган иш чара Иран Ислам Республикасынын, Афганистан Ислам Республикасынын, Түркия Республикасынын жана Тажикстан Республикаларынын Кыргызстандагы элчиликтери тарабынан уюштурулду.

Конференциянын алкагында Түркия элчилигинин Маданият жана таанытуу кеңешчилиги тарабынан сүрөт көргөзмөсү, ал эми Ирандын элчилигинин Маданий өкүлчүлүгү тарабынан китеп көргөзмөсү өткөрүлдү.

Конференция Кыргызстан менен Түркия республикаларынын гимни менен башталды. Андан соң кыргыз-түрк “Манас” университетинин ректору Себахаттин Балжы сөз сүйлөп, бүгүнкү илимий иш чаранын мааниси, бир гана перс элине эмес, бүтүндөй Чыгыш өлкөлөрүнө таандык болгон Мевлананын ырларынын маанисине токтолуп, конокторго ыраазычылык билидрүү менен ишине ийгилик каалады.

Андан кийин сөз сүйлөгөн “Манас” университетинин 1-проректору Асылбек Кулмырзаев Мевлананын бүтүндөй адамзаттын жашоосуна кошкон салымын белгиледи. “Адамзаттын турмушунда XX кылым социализм жана капитализмдин күрөшү менен өттү. Жыйынтыгында социализм урады. Бирок анын ордун баскан капитализмдин да көп терс жактары болууда. Акыйкаттык үчүн айтып коюшубуз керек, социализмдин идеологиясы күчтүү болчу. Тилекке каршы бүгүнкү күндө биз идеологиялык боштукта жашап жатабыз. Менимче ошол жоготуп алган руханий баалуулугубузду өзүбүздүн бүгүн 811 жылдыгын белгилеп жаткан Мевлана сыяктуу улуу акын, ойчул даанышмандарыбыздан издешебиз керек. Өткөн жумада залкар кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата эл аралык деңгээлде Ысык-Көл форуму болду. Эгер биз идеологияны башка жактан эмес, Мевлана, Ч. Айтматов сыяктуу өзүбүздүн улуу ойчул, таланттуу акын жазуучуларыбыздан издесек, туура жолго түшөт элек. Кээде Мевлананы диний көз караштагы акын болгон деп да айтып жүрүшөт. Мындай көз караштар туура эмес. Анткени булардын чыгармаларынын өзөгүн үй-бүлөлүк баалуулук, инсандык касиет сыяктуу гумандуу касиеттерди даңазалоо турат. Ооба, академиялык чөйрөдө Мевлананы билишет, ушундай конференция жана башка иш чараларды анын ырларына илимий баа берилет. Эгерде анын чыгармалары катардагы элдин, студенттер менен окуучулардын деңгээлине чейин түшүп, алар да окушса, ошондо бүтүндөй коомдун катмарына сиңип, кеңири жайылат эле жана турмушубузда өз жемишин берет болчу. Эгер акыркы 10-15 жылдын аралыгындагы кыргыз ММКларындагы материалдарга көз чаптырсак, Мевлана эмес, андан башка деле Чыгыш же кыргыз эле акын, жазуучу же ойчулдарынын чыгармалары жана аларды талкуулаган аналитикалык макала жок. Тилекке каршы ушундай асыл инсандарыбызды эскербей, чыгармаларын окубагандыгыбыздын айынан аң-сезимибизди терс көрүнүштөр ээлеп алып жаткандыгын биз бүгүн көрүп турабыз”,- деди ал сөзүндө.

Ирандын Кыргызстандагы элчиси Али Можтаба Рузбехани өз сөзүндө иш чаранын катышуучуларын куттуктап, ыраазычылык билдирди. “Жыл сайын Иранда Мевлана күндөрү өтүп, анын ырлары окулуп, калтырып кеткен осуяттары эскерилет. Ал кезде перс тили бүтүндөй чөлкөмдүн жалпы орток тили болгон жана башка улуттардын өкүлдөрү чыгармаларын ушул тилде жазышкан. Мевлананын ырларында адам баласынын өзүн өзү таануусу башкы орунда турат. Анын “Мээневе” деп аталган чыгармасын перс тилиндеги куран деп аташкан. Бул китепти окуган адамдын билими жогорулап, көз карашы өзгөрөт. Бүгүн Мевлананын чыгармалары көп тилдерге которулуп, алардын баардыгын бириктирген ролду да аткарууда. Өз кезегинде Мевланага арналып миңдеген илимий, аналитикалык макалалар жазылды. Ал чыгармалардагы негизги ой адам өзүн курмандыкка чалуусу болуп саналат. Тынчтыкты сүйүүчүлөр адамзаттын бийик куралы болуп саналат”,- деди элчи.

Андан соң Түркиянын элчиси Женгиз Камил Фырат, Афганистандын элчиси Исса Мехбах Мохаммад, Тажикстандын элчиси Олимзода Сухроб Хожалар сөз сүйлөштү. Аталган өлкөлөрдүн өкүлдөрү да өз докладдарында Мевлананын бүтүндөй Чыгыш элдерин өз чыгармалары аркылуу бириктирип, бүтүндөй адамзаттын руханий турмушуна кошкон салымын баса белгилешти.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.48 0.00
RUB 1.04 0.00
KZT 0.19 0.00
USD 69.85 0.00
UZS 0.01 0.00
TMT 19.96 0.00
TJS 7.41 +0.03

Аба ырайы

 

+12°C Тегеран
 0°C Москва
+4°C Алматы
+4°C Бишкек
-6°C Астана
+10°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+10°C Ташкент