• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Коом - Published: 06/11 - 10:37

Ош, 6-ноябрь, 2019-жыл. /ca-irnews.com/. Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү катары издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунун 24 жаштагы тургуну кармалды.

Бул тууралуу Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматынан (УКМК) кабарлашты.

Ал жаран “жалданмачылык” беренеси боюнча издөөдө жүргөн. Ошондой эле 2015-жылы Сирияга барып, диверсиялык-террордук атайын даярдыктан өтүп, Сирия өкмөтүнө каршы согушка катышкан деген маалымат бар.

Шектүү жаран КМШ мамлекеттеринин биринде кылмышын жашыруу үчүн эмгек мигранты катары жүргөн.

Учурда ал Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
 0°C Москва
 0°C Алматы
-1°C Бишкек
-19°C Астана
+6°C Дүйшөмбү
+5°C Ашхабад
+5°C Ташкент