• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Коом - Published: 29/10 - 17:32

Ош, 29-октябрь, 2019-жыл. /ca-irnews.com/. Бүгүн, 29-октябрда, Ош шаарында мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата илимий-тажрыйбалык конференция өттү.

Конференцияга бир катар коомдук ишмерлер, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев катышып, сөз сүйлөштү.

Катышуучуларга Турдакун Усубалиевдин ишмердүүлүгү тууралуу тасма көрсөтүлдү.

Иш-чарада Турдакун Усубалиевдин жакындары, аны менен бирге иштешкен замандаштары да сөз сүйлөп, мамлекеттик ишмердин даңазалуу өмүр жолу тууралуу ой бөлүшүштү.

Турдакун Усубалиев өз ишмердүүлүгүндө республикадагы эл чарбасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурган. Ал башкарган мезгил аралыгында Кант цемент-шифер комбинаты, Токмок айнек заводу өңдүү бир катар өндүрүштүк ишканалар ачылып, Токтогул, Үч-Коргон сыяктуу энергетикалык багыттагы ири курулуштар ишке киргизилген.

  

 

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
 0°C Москва
 0°C Алматы
-1°C Бишкек
-19°C Астана
+6°C Дүйшөмбү
+5°C Ашхабад
+5°C Ташкент