• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Коом - Published: 29/10 - 17:19

Ош, 29-октябрь, 2019-жыл. /ca-irnews.com/. Баткен облусунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн тургуну Асылбек Каримов Тажикстандын базарына кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Бул тууралуу Баткен ОИИБнин маалымат кызматынан билдиришкенин “Ынтымак” сайты жарыялады.

Маалыматка ылайык, облус тургуну Тажикстандын “Чарку” базарына 24-октябрь күнү кеткен. Бүгүн, 29-октябрда анын дайынсыз болуп жатканына 5 күн болду.

Жоголгон жаран Тажикстандын базарында жүргөндө жергиликтүү милиция кызматкерлери кармап кеткен. Учурда ага “чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” беренеси менен иш козголгондугун тажик тарап билдирген.

Баткен облустук ички иштер бөлүмү бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 24-октябрда каттаган. Учурда бул иш боюнча тиешелүү иштер жүрүп жаткандыгы кабарланды.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
 0°C Москва
 0°C Алматы
-1°C Бишкек
-19°C Астана
+6°C Дүйшөмбү
+5°C Ашхабад
+4°C Ташкент