• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Коом - Published: 29/10 - 11:49

Ош, 29-октябрь, 2019-жыл. /ca-irnews.com/. Ош шаарында пенсионерлер үчүн чачтарач жана мончо кызматтары акысыз көрсөтүлө баштайт.

Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын социалдык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Максатбек Орозалиев билдирди.

Маалыматка ылайык, бул кызматтар атайын программанын алкагында ишке ашып, талондор аркылуу акысыз кызмат көрсөтүүлөр башталган.

“Бүгүнкү күндө ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Учурда сүйлөшүүлөр аяктап, келишимдерге кол коюлду. Эми пенсионерлер биз келишим түзгөн мончо жана чачтарач кызматтарынан акысыз пайдалана башташат. Ал эми алар үчүн акчаны ай сайын мэрия төлөп турат. Кайсы ишкерлер менен келишим түзгөнүбүздү пенсионерлерге алдын ала ала кабарлап турабыз”,- деди Максатбек Орозалиев.

Бул атайын акысыз кызматтар турмушу оор жана жалгыз жашаган пенсионерлер үчүн көрсөтүлөт. Учурда Ош шаарында турмуш шарты оор 167 пенсионер каттоjдо турат.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
 0°C Москва
 0°C Алматы
-1°C Бишкек
-19°C Астана
+6°C Дүйшөмбү
+5°C Ашхабад
+4°C Ташкент