• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Коом - Published: 28/10 - 15:41

Жалал-Абадда эл аралык террордук уюмдун мүчөсү деп шек саналган адам кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 25 жаштагы шектүү террордук уюмдун лагеринен атайын диверсиялык-террордук даярдыктан өткөн жана Кыргызстанга ошондой аракеттерди ишке ашырыш үчүн жөнөтүлгөн.

2016-жылдан бери ал Кыргызстанда Жазык кодексинин «Жалданмачылык» беренеси боюнча издөөдө жүргөн.

Кылмышка шектүү Жалал-Абад шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Расмий маалыматтарда Ирак жана Сирияга кетип калган кыргызстандыктар 800дөн көп экени, анын жүздөн ашууну аялдар жана балдар экени кабарланган.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
 0°C Москва
 0°C Алматы
-1°C Бишкек
-19°C Астана
+6°C Дүйшөмбү
+5°C Ашхабад
+5°C Ташкент