• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Коом - Published: 24/10 - 17:01

Ош, 24-октябрь, 2019-жыл. /ca-irnews.com/. Буга чейин Ош шаарындагы Сулайман-Тоосунун буфердик аймагындагы курулуштарга уруксат берилбей келген.

Анткени ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргенден кийин, айланасында курулуш иштери жүрбөш керек деген шарт бар экени айтылып, тоонун айланасындагы курулган имараттар бузулуп келген. Ошондой эле жаңы курулуштарга уруксат берилбей жүрөт.

Бирок бул боюнча ЮНЕСКОнын өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүү керек деген маселе Ош шаарынын деталдык пландоо долбоорун иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кезектеги отурумунда көтөрүлдү. Мамлекеттик долбоорлоо институтунун бөлүм башчысы Рысбек Кокоев билдиргендей, ЮНЕСКОнун тизмесине киргенден кийин анын айланасында 5 кабаттан ашкан курулуш болбош керек. Бирок Сулайман-Тоонун бийиктиги 195 метр. Бул жагдайды дагы ЮНЕСКОнун өкүлдөрү менен сүйлөшүү керек. Анткени 50-60 кабат үйлөрдү курса дагы тоонун көрүнүшү тосулуп калбайт.

Азырынча сунуш колдоо таап, ЮНЕСКО менен сүйлөшүүлөр качан жүргүзүлөөрү белгисиз.

Өткөн айда Сулайман-Тоо Дүйнөлүк тизмеден чыгып калышы мүмкүн деп Президенттик аппараттын ЮНЕСКО иштери боюнча катчылыгынын катчысы Сабира Солтонгелдиева да эскерткен.

Ал бул эскертүүнү Сулайман-Тоо Улуттук архелогиялык музей комплексинин түзүлгөнүнүн 70 жылдыгы жана тоонун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргенинин 10 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чарада жасаган.

Сулайман-Тоо – ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине 2009-жылы киргизилген жана Кыргызстандан катталган эң биринчи маданий эстелик.

Тоо Ош шаарынын так ортосунда, Ак-Буура суусунун сол жээгинде. Узундугу – 3 км., туурасы – 1,5–2 км., деңиз деңгээлинен бийиктиги 1176 метр. Салыштырмалуу бийиктиги 300–350 метр. 

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
 0°C Москва
 0°C Алматы
-1°C Бишкек
-19°C Астана
+6°C Дүйшөмбү
+5°C Ашхабад
+4°C Ташкент