• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Саясат - Published: 19/11 - 14:43

Казакстандын тышкы иштер министри декабрдын башында Нур-Султан шаарында Сирия боюнча “Астана” саммити өтөрүн билдирди.

“ISNA News” агенттиги «Sputnik News» агенттигине шилтеме берип, Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди декабрь айында Сирия боюнча жолугушуу өткөрүү планы бар экенин жана өлкөнүн ТИМи Астана сүйлөшүүлөрүнө кепил өлкөлөрдүн  (Орусия, Түркия жана Иран) расмий өтүнүчүн күтүп жатканын билдиргенин маалымдады.

Белгилей кетсек, бул жыйын өткөн октябрь айынын аягында өтмөк. Бирок, Женевадагы Сириянын Баш мыйзамы боюнча комитеттин жыйындарынан улам ноябрь айынын орто ченине жылдырылган эле. Ал эми азыр декабрь айынын башына жылдырылганы маалымдалууда.

“Астана” сүйлөшүүлөрүнүн акыркы жыйыны ушул жылдын август айынын башында өткөн жана ага кепил өлкөлөр Сирия өкмөтүнүн каршылаштары, анын делегациясы, БУУнун өкүлдөрү жана байкоочу катары Иордания, Ливан өкүлдөрү катышкан.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+4°C Тегеран
+1°C Москва
-3°C Алматы
-6°C Бишкек
-4°C Астана
+7°C Дүйшөмбү
+5°C Ашхабад
+2°C Ташкент