• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Саясат - Published: 19/11 - 10:37

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Ирандагы окуяларга байланыштуу расмий түрдө билдирүү жасап, бул өлкөдөгү абалдын тез арада  турукташуусуна үмүт артарын билдирди.

Бул тууралуу “Mehr News” агенттиги “Anadolu” агенттигине шилтеме берип жазды. Маалыматка ылайык, Чавушоглу Ирандагы нааразычылыктар тез арада токтотулат деп үмүттөнөрүн билдирди. “Иранда тынчтык мүмкүн болушунча тез арада калыбына келтирилерине үмүттөнөбүз”, - деди министр.

Ирандын бир катар шаарларында нааразылык акциялары бензин баасы жогорулатылгандан кийин башталган.

Белгилей кетсек, Түркия Ирандын жакын союздаштарынын бири болуп саналат. Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана бул өлкөнүн башка расмий өкүлдөрү АКШнын Иранга каршы бир тараптуу санкцияларына жана максималдуу кысым көрсөтүү саясатына каршы экенин билдиришкен.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+4°C Тегеран
+1°C Москва
-3°C Алматы
-6°C Бишкек
-4°C Астана
+7°C Дүйшөмбү
+5°C Ашхабад
+2°C Ташкент