• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Саясат - Published: 18/11 - 12:11

Ирандын тышкы иштер министри өлкө менен Грузиянын парламенттик достук тобунун жетекчиси менен жолугушту.

Бул тууралуу “IRNA News” агенттиги маалымдады.
Ирандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз бөлүмүнүн маалыматына ылайык, өлкөнүн ТИМ жетекчиси Мухаммад Зариф  Грузия парламентинен турган делегацияны жетектеп Тегеранга барган эки өлкөнүн ортосундагы парламенттик достук тобунун төрагасы менен жолугушуу учурунда, аймактагы өлкөлөр ортосундагы көп тараптуу кызматташтыктар бардык тараптар жана аймактын эли үчүн пайдалуу деп билдирди.

Мухаммад Зариф бул жолугушууда эки өлкөнүн ар түрдүү: туризм, транспорт, энергетика тармактарында мамилелеринин өнүгүшүндө Иран менен Грузиянын парламенттик достук тобунун ролу чоң экенин баса белгиледи.

Грузия менен Ирандын парламенттик достук тобунун төрагасы дагы эки өлөнүн ортосунда тарыхый байланыш бар экенин баса белгиледи.
Грузия менен Ирандын парламенттик достук тобу Тегерандын парламент төрагасы Али Ларижани, Улуттук коопсуздук жана тышкы саясаты боюнча комиссиясынын төрагасы Моджтаба Зоннур менен дагы жолугушту.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+4°C Тегеран
+1°C Москва
-3°C Алматы
-6°C Бишкек
-4°C Астана
+7°C Дүйшөмбү
+5°C Ашхабад
+2°C Ташкент