• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Саясат - Published: 16/11 - 10:33

Франциянын жетекчилиги Парижде Украина боюнча төрт тараптуу жыйын өтөрүн жарыялады.

Бул тууралуу «Fars News» агенттиги кабарлады.
Франциянын Елисей сарайы жарыялаган маалыматка ылайык, бул жыйынга Орусия, Украина, Франция жана Германия мамлекеттеринин башчылары катышат. Жыйын 9-декабрда өтөт.
2014-жылдан берки Украина менен Донбасс аймагындагы Орусиянын колдоосундагы күчтөрдүн ортосундагы чыр-чатактардан 13 адам каза болгон. 2015-жылы жарыяланган ок атууну токтотууга карабастан, азыркы учурда дагы чыр-чатактар уланып келет.
Жакында эле, Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путин менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүгө чакырган.
Ал Facebook баракчасына видеотасма жарыялап, анда Америка, Улуу Британия, Германия жана Франциянын президенттеринин ортомчулугунда “Минск” шаарында өзү менен орусиялык кесиптешинин ортосунда жыйын өткөрүүнү сунуштаган.
Бирок, Орусиянын президентинин жардамчысы Юрий Ушаков эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусу украин аскерлеринин өлкөнүн чыгыш аймактарынан чыгарылышына шартталарын билдирген.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+4°C Тегеран
+1°C Москва
-2°C Алматы
-6°C Бишкек
-4°C Астана
+5°C Дүйшөмбү
+5°C Ашхабад
+2°C Ташкент