• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Саясат - Published: 13/11 - 16:34

Массалык кыргын салуучу куралдардын ири арсеналына, анын ичнде дүйнөдөгү өзөктүк куралдарга ээ Америка менен Израиль БУУнун “Жакынкы Чыгышта массалык кыргын салуучу куралдарсыз аймак түзүү” аттуу конференцияга катышпайт.

Бул тууралуу “IRNA News” агенттиги кабарлады.
Берилген маалыматтарга ылайык, аталган конференция 18-ноябрдан 22-ноябрга чейин Нью-Йорк шаарында өтөт.
Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Михаил Ульянов бул маалыматты жарыялоо менен, Жакынкы Чыгыштын өлкөлөрү өтүнүч жасай турган болсо, Москва бул өлкөлөргө мындай аймакты түзүү үчүн жардам берүүгө даяр экенин баса белгиледи.
Михаил Ульяновдун билдирүүсүнө ылайык, Жакынкы Чыгышта массалык кыргын салуучу куралдарсыз аймак түзүү боюнча токтом 1995-жылы кабыл алынган. Орусия, Америка жана Улуу Британия ага демөөрчү болушкан.
Ошондой эле аталган үч өлкө бул демилгени ишке ашырууга жооптуу болуп саналышат.
“Израиль менен Америка конференцияга катышуудан баш тартышты. Тель-Авив Бириккен Улуттар Уюмунда массалык кыргын салуучу куралдар тууралуу маселе каралышын каалабайт”, - деди Орусиянын өкүлү.
Ошондой эле, ал Орусия менен Кыйай конференцияга байкоочу катары катышарын, Улуу Британия менен Франция чакырууларга азырынча жооп берише электигин билдирди.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+4°C Тегеран
+1°C Москва
-3°C Алматы
-6°C Бишкек
-4°C Астана
+7°C Дүйшөмбү
+5°C Ашхабад
+2°C Ташкент