• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Саясат - Published: 12/11 - 18:06

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад  Зариф Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, эки тараптуу мамилелер, аймактык жана эл аралык окуялар туурасында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды. “Astana Club” жыйынына катышууга жана Казакстандын расмий өкүлдөрү менен жолугушуу үчүн Нур-Султан шаарына сапары менен барган Ирандын ТИМ башчысы Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев менен бүгүн, 12-ноябрда жолугушту.

Зариф Нур-Султандагы сапарынын алкагында өзүнүн казак кесиптеши Мухтар Тлеуберди менен дагы жолугушту. Анын жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин ар түрдүү аспектилери талкууланды. Ошондой эле Зариф “Astana Club” жыйынынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Мындан тышкары, ал кечээ, 11-ноябрда Нур-Султандагы Евразия улуттук университетине барып, ал жактагы музейде болду. Ал профессорлордун жана студенттердин арасында сөз сүйлөп, бир катар студенттердин суроолоруна жооп берди. Ошондой эле Зарифке Евразия университетинин “Ардактуу профессор” наамы ыйгарылды.

Эске салсак, Зариф буга чейин дагы 8-ноябрда Экономикалык Кызматташтык Уюмунун тышкы иштер министрлер кеңешинин 24-отурумуна катышуу үчүн Анталияга барган. Ошондой эле ал акыркы апталарда Баку, Доха жана Женевага сапары менен барган.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+4°C Тегеран
+1°C Москва
-2°C Алматы
-6°C Бишкек
-4°C Астана
+5°C Дүйшөмбү
+5°C Ашхабад
+2°C Ташкент