• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Саясат - Published: 11/11 - 15:01

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф жыл сайын өтүүчү “Astana Club” жыйынына катышууга жана Казакстандын расмий өкүлдөрү менен жолугушуу үчүн Нур-Султан шаарына жөнөп кетти.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды. Ирандын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Аббас Мусави кечээ, 10-ноябрда кабарчылар менен болгон жумалык жыйын учурунда Ирандын ТИМ башчысы Мухаммад Жавад Зариф 11-12-ноябрда Казакстанга барып, бул өлкөнүн жогорку даражалуу расмий өкүлдөрү менен жолугушарын жана Нур-Султан шаарында өтө турган “Astana Club” жыйынында сөз сүйлөп, анын катышуучуларынын суроолоруна жооп берерин кабарлаган.

Белгилей кетсек, Зариф 8-ноябрда дагы Экономикалык Кызматташтык Уюмунун тышкы иштер министрлер кеңешинин 24 - отурумуна катышуу үчүн Анталияга барган. Ошондой эле ал акыркы апталарда Баку, Доха жана Женевага сапары менен барган.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+10°C Тегеран
 0°C Москва
 0°C Алматы
-4°C Бишкек
-15°C Астана
+4°C Дүйшөмбү
+7°C Ашхабад
+1°C Ташкент