• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Саясат - Published: 06/11 - 11:08

Кытайдын тышкы иштер министрлиги Американын Иранга каршы бир тараптуу санкцияларын сынга алып, кысым жасоо жана санкциялар көйгөйдү чечпейт деп билдирди.

Бул тууралуу «Fars News» агенттиги кабарлады.
Шаршемби күнү Кытайдын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү апталык жолугушууда журналисттер менен бүгүнкү күндөгү ички жана эл аралык маселелер? анын ичинде Американын Иранга каршы санкциялары тууралуу талкуу жүргүздү.

Кытай тышкы иштер министрлигинин сайтына жарыяланган маалыматка караганда, министрликтин басма сөз өкүлдөрүнүн бири Гэн Шуан журналисттер тарабынан Американын Ирандын айрым жогорку даражалуу кызмат адамдарына каршы жарыяланган санкциялар тууралуу берилген суроолорго жооп кайтарган.

“Кытай бир тараптуу санкцияларга каршы. Далилсиз санкциялар же санкция жарыялоо боюнча коркутуулар көйгөйлөрдү чечпейт. Негизги жол диалог жана сүйлөшүү болуп саналат. Эки тарап өз ара урмат көрсөтүү, диалог жана макулдашуулар менен талаш-тартыштарын чечип, биргеликте аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылышат деген үмүттөбүз”, - деди Гэн Шуан.

Кытайдын дипломаты Ирандын акыркы өзөктүк аракеттерине дагы токтолуп, бул кризистин чечилиши үчүн АКШ бир тараптуу санкцияларды жарыялоо жана максималдуу кысым көрсөтүү сыяктуу стратегиялык каталарынан баш тартуусу керек деп билдирди.

Белгилей кетсек, АКШ 2018-жылы 8-майда 2015-жылы макулдашылган өзөктүк келишимден бир тараптуу чыгып, Иранга каршы “максималдуу кысым” көрсөтүү саясатынын артынан түшкөн.

АКШ келишимден чыккандан кийин бир жылдан соң жана Европа тараптан Вашингтон жарыялаган санкциялардын ордун толтуруу боюнча  берилген убадалар аткарылбагандан кийин, Тегеран аталган келишим боюнча өз милдеттенмелерин кыскартуу боюнча кадамдарын баштаган.

Кечээ, шейшемби күнү Ирандын президенти Хасан Рухани Тегеран өзөктүк келишимдеги милдеттемелерин кыскартуу боюнча төртүнчү кадамын шаршемби күнү ишке ашырып баштарын билдирди.
Ирандын милдеттемелерин азайтуу кадамдары уранды байытуу боюнча чектөөдөн ашырылышын, аз байытылган уран корунун өсүшүн жана өзөктүк келишим боюнча изилдөө жана өнүктүрүү боюнча бардык милдеттемелерин токтотууну камтыйт.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
 0°C Москва
+1°C Алматы
 0°C Бишкек
-25°C Астана
+13°C Дүйшөмбү
+10°C Ашхабад
+11°C Ташкент