• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Саясат - Published: 05/11 - 12:22

Европа Биримдиги кечээ, 4-ноябрда Израилдин Иордан дарыясынын Батыш жээгине жөөттөр үчүн жаңы 2000ден ашуун турак үй куруу боюнча кабыл алган чечимин айыптады.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды. “Telegraph” басылмасы маалымдагандай, Европа Биримдиги өз билдирүүсүндө өзүнүн өзгөрбөс позициясын дагы бир жолу кайталап, Израилдин басылып алынган аймактарда жаңы конуштарды куруудагы бардык ишмердүүлүгү мыйзамсыз болуп саналат деп билдирди.

Буга чейин жөөт конуштарынын курулушуна каршы чыккан “Тынчтык” деген  байкоочу топ Израиль Иордан дарыясынын Батыш жээгине жөөттөр үчүн 2342 жаны турак үй куруу планын бекиткендигин кабарлаган. Аталган топтун маалыматына караганда, Израиль бийлиги быйыл басылып алынган жерлерге 8300 турак үй курууну пландоодо. Бул көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу 50%га көбөйгөн.

ХАМАС кыймылы дагы Израилдин Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги палестиналык аймактарды конфискациялоо боюнча 16 указ чыгаргандыгына жооп  кайтарып, Израиль бийлигинин жөөт конуштарды кеңейтүү максатында Рамалла, Эль-Халиль жана Вифлеем провинцияларында миңдеген метр жерлерди конфискациялоону улантуусу жана ал жакта үстөмдүк кылуусу кылмыш болуп саналат деп билдирди.

Белгилей кетсек, Израилдин 100 миңдеген калкы Иордандын Батыш жээги менен Чыгыш Иерусалимдин алар 1967-жылы басып алган аймактарындагы салынган жөөт  конуштарда жашайт. БУУ жана дүйнөнүн көптөгөн  өлкөлөрү Израилдин басылып алынган аймактарда жөөт конуштарын куруусун мыйзамсыз деп эсептейт.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
 0°C Москва
+1°C Алматы
 0°C Бишкек
-25°C Астана
+13°C Дүйшөмбү
+10°C Ашхабад
+11°C Ташкент