• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Саясат - Published: 02/11 - 10:20

Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди менен Германиянын канцлери Ангела Меркель кечээ, жума күнү Делидеги жолугушуусунун аягында биргелешкен билдирүүсүндө өзөктүк келишимди колдошоорун билдиришти.

Бул тууралуу «Parstoday» агенттиги маалымдады.
Индия менен Германиянын жогорку даражалуу өкүлдөрү өзөктүк келишимдин сакталышы маанилүү экенин баса белгилешти жана Ирандын өзөктүк келишимине байланыштуу маселелер саясий сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керек деп баса белгилешти.

Нарендра Моди менен Ангела Меркель өзөктүк келишим боюнча тирешүүлөрдү токтотууга чакырып өтүштү.
Ангела Меркель бейшемби күнү кечинде Индиянын бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, сүйлөшүү үчүн Делиге барган.

Эскерте кетсек, Американын президенти Дональд Трамп 2018-жылдын май айында мыйзамсыз чечим кабыл алып, өлкөсүн Ирандын өзөктүк келишиминен бир тараптуу чыгарып алган жана Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген.

Иран Ислам Республикасы бир жыл өтүп, күткөнүндөй болбогон соң 2019-жылдын май айынан баштап өзөктүк келишимдин алдындагы айрым милдеттенмелерин кыскартып келе жатат.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
 0°C Москва
+1°C Алматы
 0°C Бишкек
-25°C Астана
+13°C Дүйшөмбү
+10°C Ашхабад
+11°C Ташкент