• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Саясат - Published: 01/11 - 16:24

Израилдин тышкы иштер министрлиги иш таштоого байланыштуу дүйнө жүзү боюнча өлкөнүн элчиликтери жана консулдуктары убактылуу жабылганын билдирди.

Бул тууралуу “Meduza.io” агенттиги маалымдады.
Израилдин элчиликтери жабылганы тууралуу ар кайсыл өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү билдиришүүдө. Анын ичинде Орусияда, Укаинада, АКШда жана Канадада дагы аталган өлкөнүн элчиликтери жабылганы маалымдалды.

Израилдин Орусиядагы элчилиги жарыялаган маалыматта, мекемеге келгендерге кызмат көрсөтүлбөй турганы жана элчиликке кирүү жабык экени баса белгиленген.Ошондой эле, элчилик кайрадан качан иштеп баштаары белгисиз.

Израилдин тышкы иштер министрлиги, коргоо министрлиги жана Гистадрут профсоюзу өлкөнүн финансы минисрлигинин чет элдердеги дипломаттар жана аскердик атташелер кетирген ар кандай чыгымдардын ордун толтуруу тартибин өзгөртүү боюнча кабыл алган чечимине байланыштуу иш таштоону башташкан.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+5°C Тегеран
 0°C Москва
-1°C Алматы
 0°C Бишкек
-25°C Астана
+12°C Дүйшөмбү
+10°C Ашхабад
+11°C Ташкент