• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Саясат - Published: 30/10 - 16:04

Америка Конгрессинин мусулман өкүлү Ильхан Омар Вашингтондун Иран Ислам Республикасына каршы санкцияларын сынга алды.

Бул тууралуу «Parstoday» агенттиги кабарлады.
Ильхан Омар шейшемби күнү Twitter баракчасына Адам укуктары боюнча уюмдун Американын санкцияларынын Ирандын саламаттык сактоо системасына тийгизген терс таасири боюнча берген отчетуна токтолуп, “АКШнын Иранга каршы санкциялары алып келген гуманитардык кризис кабыл алынгыс”, - деп билдирди.

Ал Американын санкциялары Ирандын элине каршы багытталган деп баса белгиледи.
Адам укуктары боюнча уюм шейшемби күнү 47 беттен турган отчетунда АКШнын Иранга каршы мыйзамсыз жана бир тараптуу санкцияларынын кесепеттери боюнча тынчсызданып жатканын билдирген жана Вашингтондун санкциялары Иран элинин саламаттыкты сактоо укукгун бузуп жаткандыгын баса белгилеген.

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Зариф жекшемби күнү Twitter баракчасына АКШнын санкциялары азык-түлүктөн тышкары дары-дармек ташууга каршы катуу сокку болуп жатканын билдирген эле.

БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерреш акыркы отчетунда АКШнын Иранга каршы санкциялары өлкө элине жана гуманитардык кызмат көрсөтүүлөрүнө терс таасирин тийгизип жатканын тастыктаган.

Эскерте кетсек, Американын президенти Дональд Трамп 2018-жылдын 8-майында АКШнын өзөктүк келишим боюнча милдеттемелерин бузуп, бир тараптуу өлкөсүн эл аралык келишимден чыгарып, Иранга каршы санкцияларды жандандырарын жарыялаган.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
 0°C Москва
+1°C Алматы
 0°C Бишкек
-25°C Астана
+13°C Дүйшөмбү
+10°C Ашхабад
+11°C Ташкент