• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Саясат - Published: 30/10 - 14:02

Коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясы Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зарифтин катышуусу менен Катарда башталды.

Бул тууралуу «Fars News» агенттиги жазды. Маалыматка караганда, Дохада башталган коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясынын аймактык отурумуна Катардын эмири Тамим бен Хамад Аль Тани жана дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген саясий жана коопсуздук боюнча аткаминерлери, анын ичинде Ирандын тышкы иштер министри Мухаммда Жавад Зариф катышууда.

Отурумдун алкагында, Зариф аймактык жана эл аралык маселелер боюнча сөз сүйлөйт.

Белгилей кетсек, Ирандын ТИМ башчысы Мухаммад Жавад Зариф 28-октябрда коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясына катышуу максатында Дохага барган. Зариф Катарга болгон сапарынын жүрүшүндө Ирак Курдистанынын президенти Нечирван Барзани менен жолугушуп, Ирактагы жана Сириянын түндүгүндөгү акыркы окуялар туурасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Ошондой эле ал кечээ, 29-октябрда Германия парламентинин тышкы иштер боюнча комитетинин төрагасы Норберт Реттген  менен жолугушуп, аймактагы акыркы окуялар, анын ичинде Сириядагы учурдагы абал, өзөктүк келишим жана башка маселелер туурасында пикир алмашышкан.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
 0°C Москва
+1°C Алматы
 0°C Бишкек
-25°C Астана
+13°C Дүйшөмбү
+10°C Ашхабад
+11°C Ташкент