• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Саясат - Published: 30/10 - 11:01

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Аргентинанын дипломаты Рафаэль Гросси Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин өкүлдөрүнүн добушу менен башкы директор болуп дайындалганын билдирди.

 “IRNA News” агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Михаил Ульянов бул тууралуу Twitter баракчасына жарыялады.
Рафаэль Гросси Аргентинанын Австриядагы элчиси жана МАГАТЭнин мурунку башкы директорунун жардамчысы болгон.

Буга чейин маалымат каражаттары Юкия Амано дүйнөдөн өткөндөн кийин Словакиянын өзөктүк мониторинг уюмунун учурдагы жетекчиси Марта Зякова, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин убактылуу башкы директору Корнел Феруцэ, Аргентинанын БУУдагы элчиси Рафаэль Гросси жана Буркина-Фасолук Ласина Зербо МАГАТЭнин башкы директору кызматына талапкер болушканын маалымдашкан эле.

МАГАТЭнин мурунку башкы директору Юкия Амано ушул жылдын июль айында көз жумган.

Негизи аталган уюмда башкы директорду дайындоо адатта бир жылга созулат. Бирок, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин жетекчилиги Юкия Амано дүйнөдөн өткөндөн кийин уюштурулган жыйында агенттиктин жаңы жетекчиси октябрь айына чейин дайындалышын макулдашышкан.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
 0°C Москва
 0°C Алматы
-1°C Бишкек
-19°C Астана
+6°C Дүйшөмбү
+5°C Ашхабад
+5°C Ташкент