• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Саясат - Published: 21/06 - 16:13

Түркиянын ТИМ жетекчиси кесиптеши менен Ирандын Исфахан шаарында жолугушту.

Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Исфаханда Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф менен жолугушту.
Эки өлкөнүн ТИМ жетекчилери сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасын жекече өткөрүштү.
Иран Ислам Республикасынын ТИМнин басма сөз катчысы Сейед Аббас Мусави  Түркиянын тышкы иштер министринин Исфахандагы сапары тууралуу “ Тегеран менен Анкаранын ортосундагы үзгүлтүксүз саясий сүйлөшүүлөрдүн алкагында Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу мырза делегация жетектеп бейшемби күнү өлкөбүзгө келди”, - деп маалымдады.
Ошондой эле “Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүлөрү Исфахан шаарында өтөт жана андан кийин министрликтердин ортосунда саясий кызматташтык документтерине кол коюлат. Эки өлкөнүн ортосунда буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, анын ичинде эки тараптуу мамилелердеги экономика тармагындагыи маанилүү маселелер, аймактагы, дүйнөдөгү болуп жаткан акыркы окуялар Мухаммад Зариф менен Мевлют Чавушоглунун жолугушуусунда талкууга алына турган маанилүү маселелердин катарын толуктайт”, - деди Сейед Аббас Мусави.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
-9°C Москва
-5°C Алматы
-4°C Бишкек
-21°C Астана
+16°C Дүйшөмбү
+4°C Ашхабад
+7°C Ташкент