• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Саясат - Published: 21/06 - 11:38

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Ирандын асманынан АКШнын учкучсуз учагынын атып түшүрүлүшүнө байланыштуу билдирүү жасап, “Биз согушууга умтулбайбыз, бирок өз жерибизди коргойбуз”, - деп Твиттердеги баракчасына жазды.

Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады. “Кошмо Штаттары Иранга каршы экономикалык террорчулукту баштады. Бизге каршы жашыруун аракеттерди жасап жатат. Эми азыр биздин аймагыбызга бастырып кирип жатат. Биз согушууга умтулбайбыз, бирок өз асманыбызды, өз жерибизди жана өз сууларыбызды кайрат менен коргойбуз. Биз бул жаңы агрессия туурасында БУУга жеткиребиз жана АКШнын бул окуя эл аралык сууларда болгон дегени калп экендигин көрсөтөбүз”, - деди Зариф.

Кечээ, 20-июнь эртең менен Ирандын Ислам революциясынын сакчылары корпусу  Ирандын аба чек арасын бузуп кирген АКШнын “Global Hawk” үлгүсүндөгү учкучсуз учагын атып түшүргөнүн маалымдаган.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+2°C Тегеран
+1°C Москва
-5°C Алматы
 0°C Бишкек
-5°C Астана
+3°C Дүйшөмбү
+3°C Ашхабад
+3°C Ташкент