• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Саясат - Published: 18/06 - 17:54

АКШнын жана анын өнөктөштөрүнүн Иранды аймактагы кырдаал үчүн күнөөлөш үчүн жасаган аракеттерине карабастан, ЕБ аларга кошулууга даяр эмес.

Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, Европа Биримдигине мүчө мамлекетердин тышкы иштер министрлери 17-июнда Люксембургдагы жыйында уюмдун мүчөлөрү АКШнын Иранга каршы позициясына жакын эмес экенин баса белгилешип, Оман окуясын кылдат иликтөөгө чакырышты.
Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас жыйын алкагында, ЕБ АКШнын Оман булуңунда кол салууга учураган мунай танкерлери боюнча Иранга каршы айыптоолорун колдобой турганын айтты. Ошондой эле ЕБтин ТИМ жетекчилери азыркы учурда окуя боюнча чыгарган жыйынтыктары боюнча жарыялабай турушканын билдиришти.
Бүгүн, 18-июнда АКШнын жана Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман, Улуу Британиянын тышкы иштер министри Джереми Хант сыяктуу анын союздаштарынын жогорку даражалуу расмий өкүлдөрү Иранды эч кандай далили жок эле Оман булуңундагы эки танкердин кырсыгы боюнча айыпташты.
Буга байланыштуу Люксембургдун тышкы иштер министри БУУнун баш катчысынын көз карандысыз иликтөө комиссиясын түзүү боюнча сунушуна таянып, “Мен тышкы иштер министрлеринин башкы милдети – согуштун алдын алуу деп эсептейм жана биз муну кылышыбыз керек”, - деди.
Буга чейин, ЕБтин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини: “Биз буга чейин айтып келгендей, аймакта тарапташтарды чыдамдуулукка жана сабырдуулукка чакырабыз”, - деген. Ошондой эле, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерреш аймак жаңы кризисти башынан өткөрө турган абалда эмес деп билдирген эле.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+7°C Тегеран
-6°C Москва
-8°C Алматы
-5°C Бишкек
-17°C Астана
+1°C Дүйшөмбү
+3°C Ашхабад
 0°C Ташкент