• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Саясат - Published: 17/06 - 18:33

ЕБдин Тышкы саясаты боюнча өкүлүнүн атайын кеңешчиси Ирандын Өзөктүк келишим боюнча ЕБге берген 60 күндүк мөөнөтүн жактады.

Mehr агенттигинин маалыматына ылайык, Федерика Могерининин атайын кеңешчиси Натали Точчи РТ агенттигине берген маегинде Ирандын Өзөктүк келишимден чыгуусу боюнча пикирин билдирди.
“Мен да Ирандын ордунда болсом, 60 күн берилген мөөнөттөн соң Өзөктүк келишимден чыгып кетмекмин”,- деди Натали Точчи.
Белгилей кетсек, Иран өкмөтү Өзөктүк келишимге кол коюшкан ЕБ өлкөлөрүн өз келишимдерин иш жүзүнө аткаруулары үчүн 60 күн мөөнөт берген. Ирандын талабы боюнча, 60 күндөн соң эгер келишимдер аткарылбаса, Иран Өзөктүк келишимден өзү чыкмакчы.
“Менин сөзүмдүн мааниси ачык: эгер бир тарап өз эрки менен макулдашуулардан баш тартса, Иран дагы башка макулдашкандарга: “силер да ушундай ыкма менен уланата берсеңер мен да келишимден чыгып кетем”-деп шарт коюуга толук акысы бар. Иран да азыр бул сөзүн айтты”,-деди Могеренинин кеңешчиси.
Натали Точчи Тегерандын 2020-жылга чейин Өзөтүк келишимден чыгып кетүүсү туура болбосо да Тегерандын ЕБге койгон талабын мыйзамдуу деп билдирди.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+7°C Тегеран
-6°C Москва
-8°C Алматы
-5°C Бишкек
-17°C Астана
+1°C Дүйшөмбү
+3°C Ашхабад
 0°C Ташкент