• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Интервью - Published: 30/10 - 10:55

“Тил билген дил билет”, “Дүйнөнү тааныгың келсе – тил үйрөн,”-дегендей, учурда коомубузда чет тилдерин үйрөнүүгө болгон каалоолор аз эмес.

Анын үстүнө козу карындай жайылган дүйнөнүн белгилүү тилдерин үйрөтүүчү жеке курстар билим издегендерди өзүнө кызыктырбай койбойт. Албетте, бирөө жөн эле кызыгып, чет тил үйрөнсө, бири чет өлкөгө барып, эмгектенүү максатында тил үйрөнөөрү белгилүү. Ал эми башка тилди үйрөнүү менен адамга ааламдагы жаңы эшиктер ачылып, жаңы маданияттар, салттар, тарыхтар жана цивилизациялар таанылып, адамзаттын аң-сезими байып, жашоого болгон көз карашы өзгөрөөрү анык. Бүгүнкү күнү ушундай чөйрөдө эмгектенип, көп жылдар бою Улуу Ирандын фарс тилин кыргызстандыктарга үйрөтүп жүргөн улук окутуучу Мамедова Малахат Шамилевна айым менен болгон маегибизди назарыңыздарга сунуштайбыз.

- Урматтуу Малахат Шамилевна, алгач  өзүңүздүн эмгек жолуңуз тууралуу  баяндай кетсеңиз.

- Саламатсызбы! Мен Мамедова Малахат Шамилевна 1980-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин Чыгыш тил жана адабияты факультетинин фарс тили жана адабияты адистиги боюнча окууну бүттүм. Андан соң туулган шаарым Бакуга кайтып барып, Азербайжан ССРнин Илимдер академиясындагы Жакынкы жана Орто Чыгыш өлкөлөрүнүн институтунда иштеп калдым. Кийинчерээк Ленинграддын СССР илимдер академиясындагы Чыгыш таануу институтунда 2 жыл такшалуу мөөнөтүн өтүп, ошол эле жерде “Иранистика” аспирантурасына тапшырдым. 1993-жылы аспирантураны бүткөн соң, Кыргызстанга окутуучу катары чакырылдым.

Ал убакта жаңы ачылган Ирандын Кыргызстандагы элчилигинде адистер, котормочулар жетишсиз болгон.  Мен ошол жылы Бишкекке келгенден бери БГУ, КУУ жана Кыргыз-Славян университеттеринде окутуучулук кесибимди улантым келе жатам. Учурда Б. Ндьцин атындагы кыргыз-славян  университетинин “Иран таануу” боборун жетектейм.

- Сиздин бүтүрүүчүлөрүңүз кандай чөйрөлөрдө иштешүүдө жана коомубузга кандай пайда алып келе алышат?

- Биз өз студенттерибиз менен конференция, семинар жана түрдүү иш- чараларды өткөрөбүз. Бүтүрүүчүлөрүбүз менен Ирандан келген делегаттар, дипломаттар жана белгилүү адамдар менен жолугушууларын уюштурабыз. БГУда экинчи чет тил катары фарс тилин окуган бүтүрүүчүлөр учурда Ирандын Бишкектеги элчилигинде, маданий өкүлчүлүгүндө, “Фарс” маалымат агенттигинин Бишкектеги бюросунда иштешүүдө. Ошондой эле Кыргызстан ТИМнин багыты боюнча Кыргызстандын Тегерандагы элчилигинде иштешип, эки өлкөнүн карым-катнаштарында өз салымдарын кошушууда.

Биздин бүтүрүүчү студенттер Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы байланыштарга көпүрө боло алышат. Азыр да алар өз кызматтары менен эки өлкөнүн карым-катнаштарына өз салымдарын кошууда. Ошондой эле Иран элчилиги менен маданий өкүлчүлүгү да биздин студенттердин билим алууларына өз жардамдарын беришүүдө.

Учурда фарс тили бир эле ЖОЖдордо эмес, мектептерде да сабак катары өтүлүүдө. Мисалга № 2, 51-мектептерде, Ч. Айтматов атында гимназиядагы окуучуларга экинчи чет тили катары фарс тилин окутуу программасы кирген. Ал эми биздин эле БГУдан 250 бүтүрүүчү фарс тилин өздөштүрүп чыгышты.

- Сиз азербайжандык атуул катары фарс тилине кызыгууңуз кандайча болду жана дагы кандай тилдерди билесиз?

- Азербайжан 1826-жылы башталган перс-орус согушунан кийин экиге бөлүнгөн. Анын чоң бөлүгү Иранга жана кичине бөлүгү Орусия империясынын карамагында калган. Азербайжандыктардын фарс тилине болгон кызыгуулары, умтулуулары илгертеден эле болуп келген. Азербайжан өзү Иран менен Советтер союзунун чектеш өлкөсү, мындайча айтканда чегара Азербайжан тоолору, айылдары аркылуу өтөт. Биз байыртадан эле “Түштүк Азербайжан” жана “Түндүк Азербайжан” деп бөлүп айтып келгенбиз.Түштүк Азербайжан Иранга таандык болсо, Түндүк Азербайжан Советтер союзуна кирген. Ушуга байланыштуу биз, азербайжандыктар ар дайым фарс тилине кызыкчубуз. Айрыкча классикаларга кайрылсак: Низами Гянжави, Хагани Ширвани, Катран Табризи, Саъид Табризиге окшогон классиктер фарс тилинде жазып келишкен. Негизи эле ал доордо фарс тили маданият жана адабияттын тили катары таанымал эле. Ушундан улам азербайжандыктардын фарс тилине болгон кызыгуулары башталган. Мен фарс тилинен тышкары түрк–стамбул тилин, англис тилин билем.

- Сиздин оюңузча фарс тилин, адабиятын таратуу Кыргызстан менен Ирандын мамилелерине кандай таасир бере алат?   
- Байыртадан бери эле Орто Азия менен Кавказ бирдиктүү маданият чөлкөмү болуп келген жана бул чөлкөмдө Иран маданияты, фарс тили өнүккөн. Орто Азия  тилдерине фарс жана араб тилдеринен көп сөздөр кирген.


Маектешкен Каныкей  Жаманкулова.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
 0°C Москва
 0°C Алматы
-1°C Бишкек
-19°C Астана
+6°C Дүйшөмбү
+5°C Ашхабад
+4°C Ташкент