• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
×

Предупреждение

Не удалось загрузить XML-файл
Opening and ending tag mismatch: hr line 5 and body
Opening and ending tag mismatch: body line 3 and html
Premature end of data in tag html line 1
×

Ошибка

nbRatesHelper::loadRates(): Invalid server response
Категория: Интервью - Published: 07/10 - 15:04

АКШ армиясынын психологиялык операциялар кызматынын мурдагы кызматкери Скотт Беннетт Ирандын Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун бөлүгү болгон “Аль-Кодс” бригадасынын командири, генерал-майор Касем Сулейманинин террорчулукка каршы согуштагы ролун толугу менен көрүнүктүү жана маанилүү деп эсептеди.

Сан-Францискодо жашаган америкалык аналитик жана АКШ армиясынын психологиялык согуш маселелер боюнча мурдагы офицери Скотт Беннетт “Tasnim” агенттигине берген маегинде, террорчулукка каршы күрөштөгү Касем Сулейманинин маанилүү ролун белгилеп, генерал Сулеймани өзүнүн дипломатиялык жана аскердик таасири менен Америка жана Израилдин заговорун үзгүлтүккө учурата алды деп билдирди.

 “Tasnim”: Касем Сулейманинин акыркы жылдардагы Ирак жана Сириядагы террордук топторго, айрыкча ИШИМге каршы күрөштөгү ролун кандай баалайсыз?

Скотт Беннетт: ИШИМ террордук уюмунун Америка, Сауд Аравия жана Израиль тарабынан түзүлүп, таралышы көптөгөн зыяндарга жана кыйроолорго алып келди, бирок экинчи жагынан ага каршы туруу үчүн дүйнө лидерлерин жана маанилүү фигураларды бириктире алды. Алардын ичинен жогорку жана маанилүү фигуралардын бири Ирандын Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун бөлүгү болгон “Аль-Кодс” бригадасынын командири, генерал-майор Касем Сулеймани болуп саналат. Сулеймани дүйнөнү басып алгысы келген ИШИМ террордук уюмун жок кыла алды. Сулейманинин террорчулукка каршы күрөшүүсүнө өлкөсүнө, маданиятына, үй-бүлөсүнө жана жердештерине болгон сүйүүсү дем берди.

“Tasnim”: Израиль 2006-жылы баштаган “33 күндүк согуш” же “июль согушу” деген ат менен белгилүү болгон согуш Ливанда, басылып алынган Палестинанын түндүк бөлүгүндө жана Голан бийиктиктеринде болду, Сиздин оюңузча генерал Сулейманинин каршылык огун бекемдөөсү жана Америка менен Израилдин аймактагы заговоруна каршы туруусу канчалык натыйжалуу болгон?

Скотт Беннетт: Ирандын генералы Сулеймани тарабынан кабыл алынган аскердик жана дипломатиялык стратегия Америка менен Израилдин планын үзгүлтүккө учуратты. Сулейманинин  тынчтыкты жана сабырдуулукту көрсөткөн коомдук билдирүүлөрү жана саясаты, ошондой эле Ирандын моралдык жана диний идеализмин баса белгилеген саясаты менен дүйнөнү абдан таасирлентти жана боорукер жана бейтарап өлкөлөрдүн жүрөгүн козгоп, акылына таасир этти.

Бул аракеттер аймакта Иранды бир нече жолу айыптоого аракет кылган, анын ичинде “Иран террорчулуктун ири демөөрчүсү” деген сыяктуу Батыштын жалган пропагандаларын үзгүлтүккө учуратууда чоң таасирин тийгизди.  Сулеймани ИШИМге каршы күрөштөгү өзүнүн атайын аскердик операциясында сабырдуулук менен иш-аракет кылып, Иран бардык жактан террорчулукка каршы экенин дүйнөгө көрсөттү. Дүйнө акырындык менен Иран террорчулуктун демөөрчүсү эмес экенин түшүндү. Ал тургай, АКШнын президенти Дональд Трамп “Ирандыктар ИШИМди бизден да көбүрөк жек көрөт”, - деп айткан, бул жагынан Трамп туура айткан жана дүйнө да бул маселени түшүндү деди Скотт Беннетт.

“Tasnim”: Сирия, Ирак жана Ливандагы ыктыярдуу Басиж күчтөрү Касем Сулеймани тарабынан аймактагы гегемондук күчтөрдү жана алар менен байланышкан күчтөрдү талкалоодо маанилүү ролду ойноду. Бул боюнча Сиздин оюңуз кандай?

Скотт Беннетт: Сулеймани ИШИМди талкалап, жок кылуунун бир гана жолу аны менен өрттү өчүргөндөй сыяктуу мамиле кылыш керек экенин башында эле түшүнгөн. Өрттү өчүрүүнүн эң мыкты жолу – кычкылтектин жетүүсүн алдын алуу жана анын демин кыстыктыруу. ИШИМдин караңгылыгы бүтүндөй аймакка тарап жатканда Сулеймани Ирак, Иордания, Сирия, Пакистан, Орусия, Кытай жана башка өлкөлөрдүн элдери үчүн жана чындыкты жана адилеттүүлүктү сүйгөн адамдар үчүн асманга жарык күйгүздү.

Сулейманинин "Силердин жүзүңөрдөгү нур эл алдында жаркырасын, силердин жакшы иштериңерди көрүшсө, атаңардын бейиштеги сыймыгынын жогорулоосуна себепчи болот" деген руханий принциптеги билдирүүсү иштиктүү болду. Элдер ИШИМге каршы согушка кошулду жана Орусия, Сирия, Кытай жана башка өлкөлөр  ИШИМге каршы турду. Азыр Сулейманинин эр жүрөктүү руху жана дубасы менен ИШИМ соолуган бир үлүл болуп, чуңкурга кулады. Келечек Иранга таандык жана дүйнө эли жакында Ирандын улуу элине ИШИМди жок кылуудагы лидерлиги үчүн ыраазычылык билдирет деди Скотт Беннетт.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
 0°C Москва
 0°C Алматы
-1°C Бишкек
-19°C Астана
+6°C Дүйшөмбү
+5°C Ашхабад
+4°C Ташкент