• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Интервью - Published: 03/10 - 17:31

Сириянын тышкы иштер министри Иран Сириянын террорчуларга каршы күрөшкөн өнөктөштөрүнүн башында турарын айтып, “Иран Сирияны колдоп келди, бирок араб туугандар аркабыздан сокку урушту”, - деп билдирди.

Бул тууралуу «Fars News» агенттиги кабарлады.
Сириянын тышкы иштер министри Валид Муаллем шаршемби күнү “Al Mayadeen” каналы менен болгон маегинде Сирия өлкөсүнө байланышкан маселелер жана аймактык окуялар тууралуу сүйлөдү.

Анда ал Сириянын Араб Лигасына кайтаруу маселесине токтолуп, бул уюмга мүчө мамлекеттерге тиешелүү маселе экенин, бирок алардын кабыл алган чечими Америка өкмөтүнөн көз каранды экенин билдирди.

Валид Муаллем Ирак менен Сириянын ортосундагы Аль-Букамал чек ара өтмөгүнүн ачылышы табигый көрүнүш экенин жана араб өлкөлөрүнүн чек аралары дагы ушундай болушу керек экенин баса белгиледи.
“Америка дайыма Аль-Букамал чек ара өтмөгүнүн ачылышынын алдын алууга аракет кылып жатат. Бирок анын ачылганы жакшы кадам болуп саналат”, - деди ал.
Ал сионист режиминин Ирак менен Сириянын чек арасына койгон акыркы чабуулуна токтолуп, “Израилдин кол салуусу Америка Кошмо Штаттары менен макулдашуунун алкагында ишке ашырылды”, - деи билдирди.

Ошондой эле ал Сириянын Баш мыйзам комитетинин түзүлүшү тууралуу мындай деди: “Комитетти түзүүнүн неигздери боюнча талаш-тартыштар 18 айга созулуп кетти. Баш мыйзам комитети толугу менен сириялыктарга тиешелүү жана ага ар кандай чет элдиктердин кийлигишүүсүнө тыюу салынат”, - деди.

Мындан тышкары, ал Йемен маселесине дагы токтолуп, “Биз Йемендеги пайдасы жок согушту токтотууга жана келишимге жетүү үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырабыз”, - деди.

“Эгерде америкалыктар менен франциялыктар Сириядан чыгып кетишпесе, аларды өлкөдөн чыгып кетүүлөрүнө мажбур кыла турган укуктук чараларды колдонобуз”, - деп баса белгиледи Сириянын өкүлү маегин улантып жатып.

Ошондой эле, ал Сирия химиялык чабуул жасады деген айыптар тууралуу, “Химиялык куралга тыюу салган уюмга моюн сунуу боюнча химиялык куралдарды жок кылганбыз. Помпео калп айткан Американын алгачкы мамлекеттик катчысы эмес”, - деди.

Валид Муаллем Израил терроризмди колдоону дагы деле улантып жатканын жана айрым араб өлкөлөрү дагы мындай аракеттеринен баш тартыша электигин баса белгиледи.
Ал маегинин аягында Иран террорчулукка каршы турууда Сирияга өнөктөш өлкөлөрдүн башында турарын жана Тегеран дайыма Дамаскты колдоп келерин, бирок айрым араб туугандары аркадан сокку урушканын дагы бир жолу баса белгиледи.
“Сирияда эч кандай Ирандын аскерлери жок. Бул өлкөнүн Сирияда катышуусу айрым миссияларды ишке ашыруу үчүн гана болот. Ирандын кеңешчилери террорчулук менен күрөшүүдө өзгөчө ролду ойнойт”, - деп билдирди.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
 0°C Москва
 0°C Алматы
-1°C Бишкек
-19°C Астана
+6°C Дүйшөмбү
+5°C Ашхабад
+5°C Ташкент