• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Интервью - Published: 26/09 - 11:35

Бириккен Улуттар Уюмунун мурдагы басары, Орусиянын Стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору агенттикке маек берди.

Tasnim агенттигинин маалыматына ылайык, Сергей Орджоникидзе “Чегарасыз” деп аталган теле көрсөтүүгө берген маегинде Батыш Азиядагы окуяларга токтолду.
Ал региондогу кошуна өлкөлөр биргеликте Американын кийлигишүүсүн токтотуп, аны региондон чыгарса, бардык маселелер чечилээрин белгиледи. Анын ой- пикири боюнча Американын идеологиясы БУУну туңгуюкка такаган.

- Бүгүнкү күнү Батыш Азиядагы кырдаалдардын себеби эмнеде деп билесиз?

- Кырдаалдардын себеби Американын аймактагы империалисттик саясаттарына байланыштуу. Мындан 15 жыл мурда БУУнун башкы катчысы менен болгон жолугушууда АКШнын Батыш Азия өлкөлөрүнүн режимин өзгөртүүчү  “Ири Жакынкы Чыгыш” долбоорун караштырганбыз. Ал убакта Вашингтон “региондо демократиялык режимдер келиши керек”- деп жаткан. Мен бул долбоорго каршылыгымды билдиргем, анткени менин оюмча ар бир өлкө, ар бир эл өзүнө ылайыктуу жашоо жолун тандашы керек.
Америка өзү туура деп ойлогон нерсени аймактагы элге жүктөбөшбү керек. Биз Советтер Союзунда же учурдагы федерациялык өлкө болгон учурда дагы ар бир өлкө өз каалаган жашоо ыкмасына өтүүсүн туура деп ойлойбуз. БУУнун декларациясында дагы эл аралык укуктардын негизи катары айтылгандай “эл өзүнүн тагдырын чечүүгө укуктуу” дегенди айгинелейт.

- Батыш Азиядагы баш аламандыктардын себеби эмнеде?

- Америка менен анын региондогу колдоочулары жана саясатын жүргүзүүчүлөрү Батыш Азиядагы баш аламандыктарга жооптуу.
Мен 7 жылдай Ирандын БУУдагы кабарчысы болгом. Америка, Англия жана башка күчтүү мамлекеттер БУУнун Коопсуздук кеңешин өз тараптарына тартып жатышканына күбө болдум. Силердин оюңар бул жаатта кандай?
БУУнун Коопсуздук кеңешинде бир токтомду бекитүүдө 8 добушка муктаж. Вето укугу да коопсуздук кеңештеги 5 туруктуу мүчөдө. Бул жаатта Америка менен анын шериктештери  көбүрөөк үлүшкө ээ.
Алар ар дайым башка өлкөлөрдүн ички маселелерине кийлигишкен маанайдагы өз идеяларын, демилгелерин көтөрүп чыгышат. БУУнун декларациясынын 7- бөлүмүндө жазылгандай, Коопсуздук Кеңеш бир өлкөгө каршы аскердик аракеттерге - ал өлкө Дүйнөлүк  тынчтыкка залакасын келтирген учурда гана уруксат бере алат. Тилекке каршы Америка бул мыйзамды ар дайым өз пайдасына колдонууда.

Мисалы, Иракты бир убакта “дүйнөлүк тынчтыкка коркунучтуу” - деп чечип, токтом бекитишти. Анда Орусия, Франция, Германия, Кытай дагы каршы болгон. Бирок Американын бул сунушун Англия колдоп кетти. Акыры Америка БУУну көрмөксөнгө алып, бир тараптуу чечим кабыл алып, Ирак өкмөтүнүн бүтүндүгүн ачык бузуп, аскердик кол салуусун баштады.

- Америка дүйнөдөгү кийлигишүүчү өлкө жана БУУну өз максаттарына жетүү үчүн колдонот десек болобу? Анда Эл аралык коомдун негизги маселе жаратуучусу Америкабы?

- Сөзсүз түрдө. АКШнын өз идеологиясы, саясаты бар. Бул өлкө БУУну туңгуюкка алып барды жана дүйнө элинин БУУ тууралуу ой жүгүртүүлөрүн өзгөрттү. Анткени БУУ менен Коопсуздук кеңештен ар дайым пайдаланып келет. Мисалы, кайсы бир өлкө Американын идеологиясы менен тышкы саясатын ээрчибесе, ал Американын шериктеши жана демократ өлкө катары саналбайт. Бул учурда мындай режимди өзгөртүү Вашингтондун иш планына кирет. Мисалы, Египет, Ливия, Ирак, Югославия – бул өлкөлөргө Америка өзү жалгыз, БУУнун Коопсуздук кеңешинин уруксаты жок  аскердик кол салуу жасап, өзү жактырбаган режимин өзгөрткөн.

- Бүгүнкү күнү сионисттер режими, Арабстан жана Америка эң жаман шарттарды пайда кылды. Ирак, Сириянын абалдарын жакындан сездик. Ар бир өлкөнүн ички маселелерин сыйлап, аларды тынчтыкта жашоого кантип чакырсак болот?

- Менин оюмча, региондун өлкөлөрүн жакындатуу үчүн өз ички маселелерин Американын кийлигишүүсүз өздөрү чечүүлөрүнө укук бериш керек. АКШ биздин региондон миңдеген алыс аралыкта жашап, бизге кандай тиешеси бар? Деңиз аскерлерин биринин артынан экинчисин жиберип жатат, аскердик базаларын Батыш Азиянын  бардык региондоруна жайгаштырып салган. Эмне дегенде бул өлкөлөрдүн бардыгы экономикалык жана аскердик жактан Америкага көз каранды. Арабстандын бардык армиясы Американын курал-жарактары менен жабдылган, башкалары да ушундай. Бул өлкөлөр тышкы саясаттарын Американын пайдасына эмес, өз улуттук пайдалары үчүн жүргүзүшү керек. Вашингтон бүгүн бирди сүйлөйт, эртең аны жокко чыгарат. Египетти карагылачы: Хосни Мубарак Американын досу болгон, бирок Вашингтон анын режимин кулатты. Ордуна Мухаммад Мурсини коюп, Американы колдобой койгондугу үчүн, аны да аскердик төңкөрүш аркылуу жок кылды. Эгер бири-бирибизди колдоп, Американы аймактан чыгарбасак, өзүбүз жок болобуз.

- Сиздин бул жаатта сунушуңуз кандай?

- Батыш Азия өлкөлөрү гана катышкан конференция өткөрүш керек жана анда маселелерди чечүүгө аракет жасообуз зарыл. Мисалы, Сирия маселесин чечүүдө, өлкө ичиндеги согушка катышкан Иран, Түркия жана Орусия өкүлдөрүнүн катышууларында гана диалог жүргүзүү абзел. Ушундай аракет менен Американын катышуусусуз маселе чечүүгө болот.

- Орусиянын Сирия боюнча планы кандай?

- Биз эң биринчиден сириялыктар өз өкмөтүн өзү тандоолору керектигин айтабыз. Алар америкалык аскерлерди келгиле деп өлкөсүнө чакырышкан эмес. Америка Эл аралык мыйзамды жана БУУнун декларациясын бузду. Америкалык аскерлер Коопсуздук Кеңештин макулдугусуз Сирияга келишкен. Ал эми Сирия өкмөтү өзү орусиялык аскерлерди чакырган, андыктан орус аскерлеринин Сирияда болуусу мыйзамдуу.
 

-Акыркы кезде көпчүлүк араб өлкөлөрү Дамаскта өз элчиликтерин ачышууда. Биз мурдараак Башар Асадды кулатууну каалаганына күбө болгон элек. Сиз буга кандай карайсыз?

- Ооба, бул өлкөлөр бир убакта Дамаск өкмөтүн кулатабыз деп колдорунан келген жок. Акыры Сирия өкмөтү бекем тураарын жана бул нерсе элдин каалоосу экенин түшүнүштү.
Дүйнө өлкөлөрү да Сирия өкмөтүн алмаштыруунун кажети жоктугун билишти. Бул өкмөт демократиялык жол менен бийликке келген, БУУ аркылуу расмий түрдө таанылган жана өлкөсү  Конституцияга ээ. Учурда бул өкмөт өз оппозиция топтору менен диалог жүргүзүүдө. Алар атайын комитет менен жаңы Конституцияны бардык сириялыктардын каалаганындай жаңыдан түзүүнү максат кылууда. Бул жерде маанилүү маселе: Сирия эли жана Сирия өкмөтүнүн тарапташтары менен каршылаштары өздөрү гана чогулуп, өз өлкөсүнүн тагдырын чечишмекчи.

 

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
 0°C Москва
 0°C Алматы
-1°C Бишкек
-19°C Астана
+6°C Дүйшөмбү
+5°C Ашхабад
+5°C Ташкент