• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Интервью - Published: 24/09 - 11:33

Ош, 24-сентябрь, 2019-жыл. /ca-irnews.com/. Ош шаардык мэрисы, Мамлекеттик ипотекалык компанияндан башка, өзүнчө ипотекалык үйлөрдү куруп, сатуу боюнча атайын мекеме түзгөн.

Анын бюджетинде 315 млн. сомдон ашык каражат бар. Бул сумма – Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясы курган көп кабаттуу үйлөрдү жарандарга ипотекалык негизде сатуудан түшкөн. Негизи бул үйлөр Ош менен Жалал-Абаддагы 2010-жылы жүз берген улуттар аралык июнь каргашасынан жабыркагандар үчүн курулуп, алардан ашканы ипотека катары мамлекеттик кызматкерлерге сатылган. Ош шаардык кеңештин депутаттары бул түшкөн каражатка кайрадан көп кабаттуу үйлөрдү куруп, аны арзан баада шаардыктарга кайра сатуу циклин баштаган. Ошентип азыр алгачкы үйдүн курулушу башталды. Бул батирлер биринчи циклдагы сатуудан да арзан пайызда сатылаарын Ош шаардык мэриясынын ипотекалык ишканасынын директору Кутманалы Абдрахман уулу ca-irnews.com сайтына билдирди. Жергиликтүү бийликтин куруп жаткан ипотекалык үйүнөн кантип батир алса болот, кимдер ала алат, канча пайыздан берет, шарттары кандай деген жана башка суроолорго төмөндөгү маектен толук маалымат ала аласыздар.

-Кутманалы мырза, Ош шаарында жергиликтүү бийлик көп кабаттуу үй сала баштады. Эми алдыдагы пландарда батирге муктаж адамдар кандай ала алышат? Кимдер ала алышат? Алардын статусу кандай болуш керек?

-Азыр чындап эле, ипотекалык тартипте сатыла турган көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Муну тарыхий окуя десек болот, анткени биринчи жолу Ош шаардык мэриясы бул программаны өзү ишке ашыруу үчүн курулушту баштап жатат. Бирок негизги көйгөй, ал жерде кимдер үчүн, бул үйдөн социалдык коргоого муктаж болгон жарандар, жаш үй-бүлөлүүлөр ала алабы деген маселе.

Кимдер, кандай ала алат дегенде негизинен 3 талап бар. Биринчиси, бул эми муниципалдык программа болгондуктан, сөзсүз түрдө шаардын тургуну болуш керек, анын каттоосу эске алынат. Экинчиси, үй алууну каалаган жарандын кыймылсыз мүлкү, жери, үйү болбошу керек деген талап коюлган. Ал эми, үчүнчүсү – ошол Сиз айтып аткан, жарандардын кирешеси жөнүндөгү маселе. Демек, үчүнчү талапты банктар аркылуу өткөргөндүктөн, банктар кардардын төлөө жөндөмдүүлүгүн карап чыгышат.

Ушул нерселерди эске алып, жергиликтүү бийлик жерди бекер бөлдү. Ошондуктан, жер үчүн эч кандай төлөм жүргүзгөнүбүз жок. Бүгүнкү күндө бул маселе ачык турат. Андан сырткары азыр жаңы, заманбап курулуш нормалары, учурдагы ачык-айрым тендердик маселеде бизге үйдүн баасын бир топ арзандатууга мүмкүнчүлүк түзүп берди. Эми, бул курулган үйдү сата турган болсок, 1 метр квадратынын баасы 318-320 доллардын тегерегинде болуп атат. Анын сырткы коммуникациясын кошкондо жана жердин баасы да кошулуп кете турган болсо, мурда айтылып жүргөндөй, 350 долларга чейин көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Бирок бул баарыбир, мурункуга салыштырмалуу, мурдагы циклга салыштырганда арзан. Анда 460 долларга чейин болчу.

-Жеке менчик курулуш компаниялардын үйлөрүнүн баасынан арзан болуп калабы ошондо, туурабы?

-Мисалы, мурунку циклга караганда, 100-110 долларга арзан болуп атат. Эгер жеке курулуш компанияларынын үйлөрүнө салыштырсак, анда бул сан бир нече эсе өсөт. Анткени Ош шаарында, эң арзан сатып аткан делген компаниялардын батирлеринин 1 метр квадратынын баасы 400-450 доллардан. Бирок алардын үйү толук бүткөн эмес, биринчи эшиги эле коюлуп, кара дубал менен эле беришет. Демек ал үйдү толук жашоо абалына келтириш үчүн дагы, бир топ каражат сарпталат. А биз сунуштап жаткан сумма – 350 долларга чейин болот деп болжолдоп атабыз. Ошондой эле биздин үйлөр толук пайдалана турган болуп, ички ремонтторун бүтүрүп туруп сатабыз. Бул деген – жашоочу келгенде өзүнүн буюм-тайымдары менен келип эле жашай баштайт дегенди билдирет. Эгерде жеке курулуш компаниясы куруп жаткан үйлөргө салыштырсак, бул – эки эсе арзан десек болот. Ал эми мурунку муниципалдык үйлөргө салыштырганда 25-30 пайыздын тегерегинде арзан болууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Бирок мына, шаардагы, бюджеттик мекемелерде иштеген, өзгөчө жаш үй-бүлөлөрдөгү айлык-маянанын деңгээли боюнча айтсак, анда бул арзандатканыбыз менин жеке оюмда дагы деле жетишсиз, дагы төмөндөтүш керек деп ойлойм. Анткени жаңы үй-бүлө эгер экөө тең кызматчы болсо, мисалы мектептте иштесе, анда алар бүгүнкү күндө экөө биригип, жаңы иштеп баштаганда, 20 миң же 25 миң сомдун тегерегинде айлык алат. Бул жерде сөзсүз түрдө алардын жашоо минимуму бар, 5 миң сомдон жашоосу үчүн чыгып кеткен болсо, анда кредит төлөө үчүн 10 миң, 15 миң сомдой акчасы калат. Демек бул – минималдык жетиштүү болот деген сөз.

-Бирок баштапкы төлөм деген бар го, ал сумма канча болуп атат?

-Баштапкы төлөм маселеси – бул, программада кабыл алынган: 20 пайыз деп. Бул Ош шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан кабыл алынган норма. Ушул баштапкы төлөм деген баары бир тоскоолдук кылат экен. Бирок ал норманы толук алып таштоо дагы биздин программаны толук реализациялоо мүмкүнчүлүгүн жоготот болчу. Себеби азыр биз, 315 млн. сомдой акча каражатын чогултканбыз, анын негизги бөлүгү ошол биринчи – баштапкы төлөмдү төгүп коюшкандыктарынын эсебинен чогулуп атат. Биз кайсы бир группага, башында бир топко жеңилдик кылабыз деп туруп, бул программанын токтоп калышын, же болбосо, обьективдүү уланбай калышын дагы шарттап коюшубуз мүмкүн. Ошондуктан, эки тараптуу эске алган абалда ишке ашат деп ойлойм.

20 пайыздык баштапкы төлөм – бул, оор. Бирок эми кыргызда, билесиз да, тууган-урук, жек-жаат деген бар, 20 пайызын төлөп, анан кийинки ай сайынкы төлөмдөрү жөнүндөгү маселеге келгенде дагы азыркы айлык жеткидей, ошол маяна менен төлөп, абалдан чыккыдай шарт болсо, дагы жакшы болот. Мына бүгүнкү түзүлгөн шарт – мурункуга караганда 25-30 пайызга ушул маселени жеңилдетти, мүмкүнчүлүк түздү деп эсептесек болот.

-Азыр жарандардан арыз түшө баштадыбы, батир алабыз деп? Айрыкча жаш үй-бүлөлөрдөн? Же курулушу башталбай туруп эле сатылып кеттиби?

-Жок, сатылуу эрежеси мындай: бул курулуш бүтөт. Мэриянын алдында вице-мэр жетектеген атайын турак-жай комиссиясы бар, ошол комиссия бөлүштүрүүнү ишке ашырат. Демек, азыркы күндө бул үйдүн ээлери ким, ал жерде кимдер жашайт деген суроолор ачык. Курулуштун нормалары боюнча эсептеп, келишимдин негизинде тактадык, бул – 15-январь, 2021-жылы үйдү тапшырабыз деген график түздү. Биз абдан үмүт кылып атабыз, азыр жаңы үйдү – заманбап технологиялар андан да эртерээк бүтүргөнгө мүмкүнчүлүк берет деп. Буга курулуш компаниясы да эртерээк бүтүрүүгө убада берип атат. Ошол бүткөндөн кийин гана бөлүштүрүү маселеси ишке ашат. А бүгүнкү күндө мага да жеке кайрылып, кызыгышып, ушул үйдөн алат элем деген адамдар байланышып атат. Ош шаардык мэриясынын турак-жай департаменти бар, алар жарандар менен иштешет. Мен ошол жерде жетекчи болуп иштеп турганда, ушул программа менен үй алам деген миңдеген адамдар кезекте турган болчу. Бүгүнкү күндө айтып  атышат, алардын саны 6 миңге жакын деп. Буга чейин кайрылып, арызын таштап, кезекке тургандардын саны көп. Демек турак-жайга муктаж болуп, суранып аткан жарандардын саны ого эле көп.

-Эми түшкөн каражатка дагы көп кабаттуу үй салынабы? Салынса, кандай ишке ашат жана ал иш созулуп кетпейби?

-Ооба, буга чейин үйдүн курулушу кармалып калды. Себеби бул программа 2014-жылы кабыл алынган. 2016-жылдын август айынан баштап үйлөр бөлүштүрүлө баштаган. Мына бүгүн 3 жылдан кийин курулуш иши башталып атат.

Анын биринчи себеби – үй курула турган жердин так эместигинен улам аябай көп кармалып калды. Алгач акчасы чогулган эмес болчу, бүгүнкү күндө 315 млн сом жалпы акча каражаты чогулду. Бул – кабыл алынган программанын 1-циклындагы акча каражатынын 40 пайызынан көбүрөөгү деп айтсак болот. Негизи жалпы сумма 699 млн сом чогулат.

Азыр курула баштаган биринчи обьектке 166 850 012 сом коротулат деп келишим түзүлдү. Демек, азыр бизде дагы 150 млн. сомго жакын акча каражатыбыз бар. Ошондо экинчи үйдү баштоого да толук финансылык негиз бар. Анын үстүнө, мындан сырткары да, жарандарыбыздан ай сайын 4,5 млн. сомдон кем эмес, кээде 6,5 млн. сомдой толуктоо болуп турат. Билесиздер, алар мурунку циклда ипотекалык негизде батирлерди алып, анын кредитин төлөп келишет.

Ошондуктан жергиликтүү бийликтин жетекчилиги тиешелүү кызматтарга, мамлекеттик архитектурага, каттоо кызматтарына экинчи үйдү баштоо, анын жерин тактоо жөнүндө тапшырмаларды берди. Жакында эле Муниципалдык менчик башкармалыгынан кат алдык, жыңы үйдү курууга 8 жерден жер көрсөтүштү. Анын бирөөн тандасак, ошол жерге куруу пландалат. А биз ошол жердеги геологиялык абалын, жер кыртышынын мүнөздөмөлөрүн, жердин ыңгайлуулугун жана ошол үйдү арзан кура турганга мүмкүнчүлүк боло тургандай абалдарын тактап, изилдеп жатабыз. Эгерде бул жерлердин бардыгы геодезиялык, геологиялык жактан, жана башка архитектуралык нормаларга ылайык келе тургандай болуп такталса, анда ушул 8 жердин бирине экинчи үйдү курууга шартыбыз бар.

-Ошол эки үйдү сатуудан түшкөн каражатка да көп кабаттуу үй салынабы?

-Программанын максаты да ошол – курулуш ушундай уланып, чынжыр сыяктуу уланып кетиш керек. Бул үйлөр курулуп бүткөндөн кийин дароо сатылат. Анын 20 пайызы турак-жай балансынын эсебине түшөт. Демек, ал дагы кайрадан үйдү курууга жумшалат. Ага шаардык кеңештин атайын токтому бар, ал жерде так көрсөтүлгөн – бул акча каражаттары ипотекалык үйдү курууга гана сарпталат деп. Башка максатка иштетүүгө мүмкүн эмес. Ушул түшкөн акча да кийинки, андан кийинки үйлөрдү курууга жумшала берет. Мисалы, айына 4,5 млн.дон, 6,5 млн.го чейин акча каражаты түшүп турат деп атпайбызбы, эгерде биз азыркы курулуп жаткан үйдү, экинчи курула турган үйдү активдүү уюштуруп баштасак, демек бизге түшө турган акча каражатынын көлөмү кескин көбөйөт деп айтсак болот. Анан андан кийин дагы башка үй курулуштарын баштасак боло берет.

Азыр бизде дагы бир ой пайда болуп атат – банк аркылуу түшүүчү акчанын графиги белгилүү. Ошондуктан тигил акчанын түшүүсүн күтпөй деле, түшө турганын белгилеп, банктын кепилдиги аркылуу дагы курулуш иштерин баштап ийсек болобу деген маселенин юридикалык жагын карап жатабыз. Мүмкүн боло турган болсо, бизге келе турган 700 млн. сомду бир мезгилде реализациялоону ишке ашырсак, куруучу компания график менен ал акчаны алып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

-Азыркы салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн түшө турган акча каражаты канча болот?

-Жогоруда айткандай, бул үйгө коротула турган каражаттын суммасы – 166 850 012 сом. Биз батирлерди 6 пайыздык өлчөм менен беребиз. Эгер 12 жылга бөлсөк, анда мунун эффективдүү пайызы 30-35 пайыздын тегерегинде болот. Демек бул пайыз өздүк наркына кошулуп сатылат. Бүгүнкү сумма 166 млн сом болсо, 30-35 пайыз кошулса, ал кошумчасы менен 200 млн сомдун тегерегинде сумма чыгат.

Анан дагы бир нерсени кошумчалай кетиш керек, биз бул курулуштун сапатына жакшылап көңүл буралы деп атабыз. Анткени курулуштардын сапаты жөнүндө ар кандай сөздөр айтылып келген да. Ошонуктан биринчи жолу ушундай өзгөчө нерсени киргизип атабыз, эгерде кимде ким курулуш сапатын көзөмөлдөгүсү келсе, анын жүрүшүн көрүү кызык болсо, биз алардын жарандык текшерүүсүнө уруксат беребиз жана аларга тынымсыз маалымат берип турууну ниеттенип жатабыз. Ошондуктан, бул үйдүн негизги кожоюну – шаардыктар, эл. Ошого, эл курулуштун сапатын текшерип, анын жүрүшүнө көз салып, пикирлери болсо, айтып турса, анда биздин ишибиздин мындан ары да тез жүрүшүнө, ошондой эле сапаттын жакшы болушуна жардамын тийгизет. Шаардыктарды мен ушуга чакырып кетем. Мен ойлойм, буйруса, жакын арада бул үйдү тапшырып, тургундарды сүйүнтөбүз.

-Рахмат маегиңизге.

Маектешкен. А Белеков.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
 0°C Москва
 0°C Алматы
-1°C Бишкек
-19°C Астана
+6°C Дүйшөмбү
+5°C Ашхабад
+4°C Ташкент