• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Интервью - Published: 01/07 - 19:35

Ош шаарында 1 миллион долларлык спорт комплекси курула баштады.

Аны Иран Ислам Республикасынын Өкмөтү каржылап жатат. Анткени аны куруу үчүн эки өлкөнүн Өкмөттөрүнүн келишими 2011-жылы эле түзүлгөн. Бул убакка чейин анын документ иштери даярдалып келген. Спорттук комплекс Ош шаарындагы “Манас Ата” аймактык кеңешинде курулууда. Анын пайдубалына капсула салуу аземине эки мамлекеттердин элчилери, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана жашоочулар катышты. СА-IRNEWS Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Али Мужтоба Рузбеханини сөзгө тартты

-Саламатсызбы Али Мужтоба мырза, Ош шаарындагы бул спорттук комплекстин курулушу качан пландалган эле?

-Саламатчылык. Бүгүн, Ош шаарындагы “Достук” спорт комплексинин курулушунун пайдубалына капсула салуу иш-чарасына катышып жатабыз. Бул спорт комплекси Иран Ислам Республикасынын өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып жатат. Анын курулушу боюнча КР менен Ирандын өкмөттөрүнүн ортосунда атайын келишимге 2011-жылы эле кол коюлган. Ал эми бүгүнкү күнгө чейин документ иштери даярдалып жаткан. Мына, буйруса, ишке ашканы жатат. Демек, бул спорттук комплекс – Кыргызстан менен Ирандын достугунун бирден бир символу болуп саналат.

-Долбоордун жалпы сметалык баасы канча?

-Негизи Иран менен Кыргызстандын достук тарыхы көп жылдарды камтыйт. Бул дагы болсо, мындан ары дагы уланат дегенди билдирет. Ошондой эле бул долбоордун наркы 1 млн. доллар болуп саналат. Бул – Иран Ислам Республикасынын Кыргызстан аймагындагы аткарылган жалгыз долбоору эмес. Өлкөнүн башка аймактарында да атайын долбоорлорду ишке ашырып жатат. Бирок бул – Ош облусу менен шаарындагы биринчи долбоору болуп саналат. Негизи Ош географиялык жайгашуусу дагы Иранга жакын болуп турат. Ошондуктан Иран эли да оштуктар менен мындан ары да кызматташуусун, достугун бекемдегенге ниети бар. Бул долбоордун ишке ашырылышына Кыргыз Республикасынын Курулуш агенттиги, Ош шаарынын мэриясы, ошондой эле Кыргызстандын Ирандагы элчилигинин салымы чоң. Ошолорго терең ыраазычылык билдиребиз.

-Курулушту ирандык компания жүргүзүп жатыптыр, канча мөөнөттө бүтүрүп, пайдаланууга берүүнү пландап жатасыздар?

-Ооба, спорт комплекстин курулушун Ирандагы эң алдыңкы курулуш компанияларынын бири болгон “Нику Абния Альбурз-Хит Ланд”,-деп аталган компания тендерден утуп алган. Аны 18 айда пайдаланууга берүүнү пландашкан. Бирок ага жеткирбей эле, тактап айтканда, келаткан Ноорузга карата бүтүрө турган болуудабыз. Ал эми, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов менен болгон жолугушууда, аянтка келүүчү жолду оңдоп-түздөп, асфальт төшөөнү жергиликтүү бийлик аткара турганын билдирди.

-Дегеле спорттук комплекс кандай болуп түшкөнү жатат? Долбоору кандай?

-Жаңы курулуп жаткан аянт спорттун бардык түрүнө ыңгайлашат. Волейбол, баскетбол оюндары өтүүчү залда 200дөй көрүүчүлөр үчүн да орундуктар курулат. Машыгуучу залдардан тышкары жуунуучу жайлар, балдар ойноочу аянтча курулуп, айланасы жашылдандырылат. Жергиликтүү бийлик жалпы 5000 метр квадраттан чоң жер аянтын бөлүп берди.

-Спорттук комплекстин курулушуна капсула салуу аземине катышканы Ош шаарына келип калыпсыз, шаардыктарга кандай кайрылууңуз бар?

-Иран Ислам Республикасынын элинин атынан, кыргызстандыктарга, ошонун арасынан Ош шаарынын тургундарына ысык саламымды айткым келет. Буйруса, бул спорт комплексте Кыргызстандын желегин бийик көтөргөн, өз өлкөсүнүн намысын коргогон алдыңкы спортчулар чыгаарына ишенем. Ошондой эле Кыргызстандын өнүгүшүнө салымын кошкон жаштар тарбияланып чыгат деп ишенебиз!

-Рахмат маегиңизге, сизге ден-соолук каалайбыз.

Маектешкен А. Белеков.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
-8°C Москва
-9°C Алматы
-7°C Бишкек
-20°C Астана
+5°C Дүйшөмбү
+2°C Ашхабад
+6°C Ташкент