• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
×

Предупреждение

Не удалось загрузить XML-файл
Opening and ending tag mismatch: hr line 5 and body
Opening and ending tag mismatch: body line 3 and html
Premature end of data in tag html line 1
×

Ошибка

nbRatesHelper::loadRates(): Invalid server response
Категория: Интервью - Published: 03/06 - 17:14

Али Можтаба Рузбехани: «Анын окууларын ишке ашыруу баарыбызга тынчтык жана өсүп-өнүгүү тартуулайт».

Имам Хомейнинин орду жана окууларынын мааниси тууралуу Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Али Можтаба Рузбехани 3-июнда  «СА-IrNews.com» агенттиги тарабынан уюштурулган «Имам Хомейнинин ислам дүйнөсүнүн учурдагы көйгөйлөрүн чечүүдөгү орду» аттуу тегерек стол учурунда айтты.

Бул иш чара Иран элинин рухий лидери, белгилүү дин таануучу, XX кылымдагы саясатчы жана коомдук ишмер  Сейед Рухолла Мостафави Мусави Хомейнинин (Имам Хомейни) көзү өткөндүгүнө 30 жыл толгондугуна арналып уюштурулду.

Имам Хомейнинин жаркын элесине арналган тегерек столго Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Али Можтаба Рузбехани, Иран элчилигине караштуу Маданий өкүлчүлүктүн жетекчиси Парвиз Гасеми, Кыргыз-орус славян университетинин кафедра башчысы, КРнын ЖКнын экс-спикери Зайнидин Курманов, тарых илимдеринин кандидаты, чыгыш таануучу, ШКУнун экс-башкы катчысы Муратбек Иманалиев, Ж. Баласагын атындагы КМУнун окутуучусу Сергей Иванов, И. Арабаев атындагы КМУнун проректору Эмил Каниметовдор чакырылды.

Алгач сөз сүйлөгөн Ирандын элчиси А. Рузбехани төмөндөгүлөргө токтолду:

«Мен иран элинин улуу ойчулу жана Ислам революциясын ишке ашыруунун башында турган Имам Хомейни тууралуу өткөрүлүп жаткан тегерек столго катышып жаткандыгым үчүн өтө кубанычтамын.

Азыркы учурдагы ислам дүйнөсүнүн көйгөйлөрү менен чакырыктарын  иликтөө окумуштуулардын, аналитиктердин жана   дин таануучулардын башкы темасы болуп келүүдө. Бирок алардын ар кимиси бул теманы кандайдыр бир жеке көз карашынан улам иликтеп, баа берип келишүүдө. Имам Хомейни XX кылымдагы белгилүү лидерлердин бири, юриспруденция, дин таануу, философия тармактарында терең билими бар окумуштуу катары бул тема боюнча өзүнүн көз карашын айткан жана ал коомчулуктун кызыкчылыгы менен жактыруусун пайда кылууда.  

Акыркы окуялар Имам Хомейнинин коомдук ишмер жана саясатчы катары  идеяларынын, аткарган иштеринин тууралыгын далилдөөдө. Бул рухий жана саясый лидер өз турмушунун мисалында мындай деп таамай айткан: Ислам уммасы (коому), өзүнүн диний маданиятында туруктуулугу менен бүткүл дүйнөгө таасир берүүдө чоң таасири бар.

Имам Хомейнинин саясый көз карашына ылайык, ислам коомдорундагы түп тамырынан бери кайра түзүүлөр жана ислам динин ар кандай таңууланган бурмалоолордон тазалоо зарыл. Анткени азыр ислам дүйнөсүнө ар кандай жагдайлар, анын ичинде интеллектуалдык, маданий кырдаалдар, держвалардын үстөмдүгү таасир берүүдө. Имам Хомейни өз өмүрүндө ислам дүйнөсүн бөлүнүп-жарылууга эмес, биримдикке, достукка, ошондой эле көз карандысыздыкка чакырып келген. Ошол эле учурда ал Ирандагы кайра жаралуу доору менен өз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө ишенген. 1979-жылы жалпы элдин колдоосу менен перс шахын тактыдан кулатып, жаңы, элдик бийликти орноткон.

Жогоруда белгиленгендерге байланыштуу ислам жамаатын түзүү жана максаттарын ишке ашыруу Куранга негизделип гана түзүлүүгө тийиш.

Ислам конфессияларынын ортосундагы терең жана ар тараптуу рухий-диний байланыштар Имам Хомейни тарабынан иштелип чыккан «Бирдиктүү ислам уммасы» деген доктринанын түзүлүүсүн жараткан.

Биз исламдын душмандарына канчалык каршылык көрсөтүп, саясый жактан бир болсок жана ынтымагыбызды бекемдесек, ошончолук максатыбызга жетебиз. Улуттук биримдикке, ынтымакка жана тилектештикке жеткен эл үчүн натыйжалуу, туруктуу жана гүлөп өскөн саясый системаны түзүү кыйын болбойт.

Имам Хомейни дайыма айрым элдердин улуттук кызыкчылыктарын эске алган жана аларды кемсинтүүгө жол берген эмес. Анткени ислам дүйнөсүнүн ынтымагы менен ийгилиги дал ушул улуттук маселеге келип такалат.

Ошондуктан бүгүнкү күндө көптөгөн мусулман өлкөлөрүнүн көйгөйлөрүн чечүүдө Имам Хомейнинин окууларына таянуу керек. Анын көз карашында ислам дүйнөсүнүн маданият чөйрөсүнө көбүрөөк коркунуч жараткан жагдай сырткы факторлорго көз карандылык, өзүн өзү жок кылууга багытталгандык болуп саналат.

Тилекке каршы биздин айрым бир диндеги досторубуз исламдын бир катар баалуу эрежелерин таанышпайт. Мисалы, жихад деген түшүнүктү тескери бурмалашып, бүтүндөй адамзат үчүн тескери максатта колдонууга үгүттөшөт.

Улуу  Аятолла Хомейни айрым мусулман өлкөлөрү туш болуп жаткан оор кризистик жагдайлар ислам укуктарынын маңызы менен маанисин түшүнбөгөндүктөн келип чыгууда. Мындай жагдайлар бул өлкөлөрдө Батыштын көзөмөлү астында калган куурчак өкмөттүн түзүлүүсүнө алып келет. Натыйжада мусулмандар арасындагы карама-каршылык, палестина элинин трагедиясына кайдыгер мамиле жасоо сыяктуу көрүнүштөр пайда болот.

Мындай кризистик кырдаалдан чыгуу үчүн Ирандын Улуу лидери аталган көйгөйлөрдү чечүүнүн өзү иштеп чыккан жолун сунуштаган. Ал мусулман коомун саясый жана экономикалык жактан өз алдынчалыкка жетишип, сырткы таасирдин башкаруусунда калбаган мамлекет курууну көздөйт.

Имам Хомейнинин аталган доктриналарын турмушка ашыруу бүткүл дүйнө жүзүндөгү, анын ичинде Борбор Азия чөлкөмүндөгү элдер үчүн жаркын келечек менен өнүгүп-өсүүнү алып келет».

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+36°C Тегеран
+17°C Москва
+26°C Алматы
+27°C Бишкек
+23°C Астана
+29°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+33°C Ташкент