• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Интервью - Published: 06/04 - 11:59

Профессор Надер Интисар: Араб өлкөлөрүнүн саясий утулуулары менен  кылмыштары Трамптын Голан бийиктиктерин Израилге өткөрүп берүү чечимине жакшы учур тартуулады.

Mehr агенттигинин маалыматына ылайык,  БУУнун Голан бийиктиктерин Сирия жерлери катары эсептөө токтомуна карабастан, Трамптын аны Израилге таандык кылуу чечими көптөгөн араб жана ислам, жада калса Европа менен Батыш өлкөлөрдүн нааразычылыктарын туудурду. Бул жаатта Мехр агенттиги Алабама ЖОЖунун улук окутуучусу профессор Надер Интисари менен маектешүүсү төмөнкүдө берилген:
- Айрым өлкөлөрдүн каршылыктарына карабастан, Америка өкмөтү Голан бийиктиктерин расмий түрдө Израилге таандык кылды, эмне үчүн?
- Трамп жөнүндө айта турган нерселердин бири: ал эл аралык  стандарттар менен ченемдерди бузуудан ыйбасы жок. Трамп менен анын шериктештери дагы бир жолу эл аралык мыйзамдарды этибарга алышпасын көрсөтүштү.
Бирок андан да маанилүүсү Трамп Голан бийиктиктерин Израилге берсе дагы араб өлкөлөрдүн колунан эч нерсе келбесине көзү жеткен. Натыйжада арабдар өз тарабынан эгеменсиздиги менен иштин көзүн билбестигин көрсөтүштү. Ошондой эле Вашингтон Кудсту Израилдин борбору деп таануу чечиминде дагы ушундай көңүл кош мамиле жасашкан.
- Америка өкмөтү эмне үчүн Голан бийиктиктерин Изарилге таандык чечимин ушул учурда чыгарды?
- Трамп үчүн араб өлкөлөрүнүн саясий утулуулары менен абройлорунун  төгүлүп турган мезгили ыңгайлуу учур болду.
-  Бул компромисстик келишимдин натыйжасы кандай болот?
- Трамптын чечиминин таасири анча болбойт. Анткени “Түбөлүк тынчтык туруктуу келишими” деген  бир гана элес.
Вашингтон жүктөлгөн бир чечим кабыл алууну көптөн бери максат коюп келе жатат жана ал адилеттүү тынчтык келишими эмес.
Албетте, бул нерсе Трамптын президенттигинен да мурда болуп келген.
- Сиздин оюңузча араб дүйнөсү Трамптын бул чечимине жооп кайтарабы?
- Буга мурдараак ишаара кылдык: арабдар азыр уктап жаткан учуру жана бир саясий кырдаалда турушат. Режимдин жеңиши араб өлкөлөрдөн да мурда Вашингтонго көз каранды. Натыйжада араб өлкөлөрүнүн азыркы жагдайы Америкага өз шарттарын коюу макамында эмес.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+2°C Тегеран
+1°C Москва
+2°C Алматы
+9°C Бишкек
-4°C Астана
+8°C Дүйшөмбү
+5°C Ашхабад
+6°C Ташкент