• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
×

Предупреждение

Не удалось загрузить XML-файл
Opening and ending tag mismatch: hr line 5 and body
Opening and ending tag mismatch: body line 3 and html
Premature end of data in tag html line 1
×

Ошибка

nbRatesHelper::loadRates(): Invalid server response
Категория: Интервью - Published: 05/03 - 10:42

Ош, 5-март, 2019-жыл. /ca-irnews.com/. Февраль айынын акыркы декадасында Кувейт менен дипломатиялык кызматташуусунун 25 жылдыгына карата Кыргызстан Эль-Кувейт шаарында маданий, туристтик жаатта жана соода алакалары боюнча бир катар иш-чараларды өткөрдү.

Буга Кыргызстандан 100дөн ашык делегат барып, мына ушул багыттагы кызматташуулар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, улуттук баалуулуктарды даңазалап келишти. Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинин демилгеси менен өткөрүлгөн иш-чараларга катышуу үчүн барган топту КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов жетектеп барды. Министр менен кыскача маек курдук, көңүл буруңуздар.

-Министр мырза, айтсаңыз, Кыргызстан Кувейт мамлекети менен маданият тармагында кандай кызматташа турган болду?

-Буга чейин деле Кувейт менен жакшы долбоорлорду ишке ашырып келгенбиз. 2016-жылы Кыргызстандын маданий күндөрү бул жакта өтүп, Кувейттин маданий күндөрү Кыргызстанда өткөн эле. Андан бери спорттук иш-чараларга кичинекей топторубуз бири-бирибиздин өлкөбүздө катышып келген. Мисалы, 2018-жылы өткөн 3-дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кувейт өлөсү активдүү катышкандардын арасында болду. Ошонун арты менен биз, “Silk road show: Kyrgyzstan-Kuwait” жумалыгынын алкагында, эки мамлекеттин дипломатиялык байланыштарынын 25 жылдыгына карата да, чоң маданий топ менен келип, бул өлкөнүн бир канча аянтчаларында концерттерибизди бердик, маданиятыбызды, каада-саттарыбызды көрсөттүк. Ар кандай көргөзмөлөр менен жарманкелерди уюштурдук. Боз үйдөн баштап, кол өнөрчүлөрдүн эмгегинен жаралган буюмдардын баары ошол жерде көргөзүлдү.

Булардын этно айыл деген жеринде биздин көргөзмөлөрүбүздү койдук. Ал жерде катышуучулар буга чейин негизинен араб өлкөлөрүнөн болот экен, ошол эле Сауд Аравия, Бахрейн, Катар мамлекеттеринин улуттук павильондору ачылып. Бирок Борбордук Азия мамлекеттеринен, негизи эле, Перс булуңунан сырткаркы өлкөлөрдүн бирөөсү дагы бул жерде катышкан эмес экен. Ошентип, Борбор Азия эле эмес, Азия өлкөлөрүнүн арасынан Кыргызстан биринчи болуп өзүнүн көргөзмөсүн ачып катышып, биздин павильон эң мыкты деп аталды. Бул эмнени билдирет? Бул деген - араб өлкөлөрү Кыргызстанга жакыныраак, кыргыздардын маданиятын жакындан түшүнүш үчүн ушундай шарт түзүп берип отурушат дегенди билдирет.

-Сөзүңүздө айткандай, Кыргызстан менен Кувейттин дипломатиялык байланыштарынын 25 жылдыгына карата дагы кандай иш-чаралар өттү? Негизгилери кайсылар болду?

-Негизи, Кыргызстандын Кувейтке байланышкан иш-чаралары алдыда. Ошого карабай, кызматташууну өркүндөтүүнү пландап келебиз. Биз, бул жактын бир канча министрликтердин башчылары менен сүйлөштүк. Жалпысынан Кувейт дагы Кыргызстан менен кызматташканга аябай эле кызыктар. Бирок биринчи кезекте чечүүчү бир канча маселелер бар. Алар: кувейттиктерге биздин мамлекетти жакшылап таанытыш керек. Анын ичинде, маданий жана туристтик потенциалын ачып берүү иши турат. Бул жаатта Кувейттин Маалымат министри Мухаммад Аль-Джабри мырза менен жолугуп, журналисттик топту Кыргызстанга жөнөтүп, биздин мамлекет тууралуу маалыматтарды Кувейт элине көрсөтө турган келишимге кол койдук. Анан эгер кувейттиктер Кыргызстанга барууну каалай турган болушса, түз аба каттамын ачуу маселеси бар. Бул жаатта да, 2 компания менен сүйлөшүү жүргүздүк. Буга кызыктар болгондордун бири Түрк аба жолдору. Андан сырткары, Кувейттин өзүнүн аба каттамы менен жеке менчик компаниялар да кызыгып жатышат. Бул – эгер кувейт элинин биздин мамлекетке барууну каалагандарынын саны көбөйсө, ишке ашаары бышык.

Маданий иш-чараларды мындан ары да улантабыз. Бизде көчмөндөр оюндарынын форматындай иш-чара өткөнү жатат, ошондой эле жарманке-көргөзмөлөрдү да өткөрөбүз. Кувейттин расмий өкүлдөрү айтып жатышат, кандай иш-чаралар болбосун, чакырсаңар, биз барып, катышып бергенге даярбыз деп. Мындан сырткары, маданий долбоорлор болсо, тарыхий жерлерди кайрадан оңдоп-түзөөдөн өткөрө турган болсок, ислам динине байланышкан мурдагы тарыхий жайларды реконструкциялай турган болсоңор, ага жардам берүүгө даярбыз дешти.

Билесиздер, бизде абдан уникалдуу обьект бар. Алардын бири катары Шах Фазилди айтса болот. Аны буларга сунуш катары киргиздим. Ал жерде 2700 арабдын сөөгү ошол көрүстөндүн алдында жатат. Алар ислам динин Орто Азияга таратуу аракети менен барып, маркум болушкан. Бул жер арабдар үчүн кичи Меккеге айланышы толук мүмкүн. Ушул жерди аларга кеңири таанытуу максатында, кайрадан оңдоп-түзөө иштерине көмөктөшө турган келишимге кол койдук.

Ошондой эле, маданий обьекттер болуп кала турган болсо, мисалы Бишкектеги Манас айылын реконструкция кылуу боюна бир канча долбоорлорду иштеп чыгып атабыз. Ал жерден достук мамлени улантып келаткан мамлекеттерге кичинекей бурчтарды берели деген ойлорубуз бар. Кувейттиктер эгер бизге бере турган болсоңор, аны биз өзүбүз жасап бергенге даярбыз деп атышат.

Андан сырткары, улуттук оюндар, улуттук маданият боюнча тыгыз кызматташалы, силер өткөрсөңөр биз баралы, биз өткөрсөк, силер келгиле деп атышат.

-Булардан сырткары, 25 жылдыкка байланышкан чоң иш-чарага көптөгөн мамлекеттердин Кувейттеги элчилери, Кувейттин жогорку кызмат адамдары да келип катышты. Аларга эмнелер тартууланганын окурмандарга айта кетсеңиз...

-Ошентип, Кувейтте бир канча иш-чаралар өттү. Алардын ичинен эки мамлекеттин дипломатиялык байланыштарынын 25 жылдыгына карата Кыргызстандын бул мамлекеттеги элчилиги чоң иш-чарада өткөргөнүн белгилесек болот. Ага Кувейттеги 120 мамлекеттин элчиликтеринин 60тан ашык элчиси, башкаларынын консулдары, мамлекеттик чоң кызматтарды ээлеген чиновниктер келип катышты. Анда Кыргызстандын маданиятын көрүштү.

Андан кийин “Кувейт” мамлекеттик университетинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган илимий конференция өткөрүлдү. Анда, жазуучунун чыгармалары, анын философиясы, Айтматов эмне жөнүндө ойлонгону тууралуу бир канча тилде айтып бердик. Аны менен катар улуттук буюмдардын көргөзмөсү менен концерттик программа тартууланды.

Ошондой эле бул мамлекеттеги эң чоң гипермаркетинде кыргызстандык онго жакын туркомпаниялардын өкүлдөрү өлкөнүн туристтик потенциалын көрсөтүштү. Компаниялардын жарманкеси аталган мамлекеттеги эң чоң делген «Авина Мол» деп аталган соода борборунда болуп, чакан программадагы концерт менен коштолду. Перс булуңуна өлкөнүн туристтик компанияларын жарнамалоо иши да эки мамлекеттин дипломатиялык кызматташуунун 25 жылдыгынын алкагында болду. Негизги максат – биздин мамлекеттин кооздугун көрсөтүп, келечекте кувейттиктер Кыргызстанга келе башташына шарт түзүү болду. Бул иш-чарада алар визасыз келе алышаарын белгиледик.

-Булардан сырткары театрдагы концерт тууралуу да айтып өтсөңүз...

-Ооба, кыргызстандык чыгармачыл топ Эль-Кувейт шаарында чоң программада концерт беришти. Жергиликтүү тургундарга Кыргызстанга эмгек сиңирген артисттери, эстрада жылдыздары, фольклордун группалар эң мыкты шоу тартуулашты. Аны менен катар улуттук кийимдердин жана буюмдардын көргөзмөсү да сунушталды. Ага келген коноктор кыргыздын улуттук баалуулуктарын билдирген буюмдарды таң калуу менен сатып алып жатышты. Ошентип иш-чара жогорку деңгээлде өттү.

-Ал эми, Кыргызстан менен Кувейттин бизнес тармагындагы кызматташуусу кайсы нукта өнүгө турган болду?

-Эми, бир канча бизнес форумдар болду. Анда бизде чыгарылган азык-түлүктөр сунушталды. Кыргызстанда чийки этти экспорттоо аракети акыркы жылдары жолго коюла баштады. Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттерден сырткары, Иран жана араб мамлекеттерине да экспорттоо жанданган. Бул жолу кыргызстандык эт өндүрүүчүлөр Кувейтке жөнөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Эль-Кувейт шаарында эки мамлекеттин эт өндүрүүчү ишканаларынын жетекчилери экинчи жолугушуусун өткөрдү. Аталган жолугушуу кыргыз-кувейт бизнес-форумунун алкагында болду. «Аль Маваши» деп аталган Кувейт мамлекеттик эт өндүрүүчү жана мал союучу компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуунун маңызы эки тараптуу кызматташуунун жаңыча алкагы болду.

Негизинен Кувейтке 30га жакын бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү келип, көп тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Кыргызстандан эт экспорттоо боюнча сүйлөшүү 2015-жылы да болгон. Анда маалымдоо ирээтинде өткөн эле. Ал эми бул жолу – кызматташуунун реалдуу багыттары талкууланды.

Кувейтте этке болгон талап жогору. Андыктан Кыргызстандан импорт кылууга кызыктар. Бирок кызматташуунун негизги делген 2 маселеси бар. Биринчиси ошол эле, этти Кувейтке түз экспорттоо үчүн түз авиа каттам маселеси. Экинчи, продукциянын келип, атайын лабораторияда текшерип чыккандан кийин гана төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн убакыт талап кылынып калат.

Кыргызстанда заманбап мал союучу 10дон ашык ишкана иштеп келет. Мындай жаңы ишканалар менен бардык аймактар камсыз болоору убадаланган. Учурда эт азыктарын экспорттоодо аны кабыл алуучу тарапты Кыргызстанда талапка жооп берген мал союучу жайлар бар экенине ынандыруу аракети жүрүп жатат.

Анан эттен сырткары, кургатылган, мисалы: өрүк, жаңгак сыктуу жер-жемиштерге кызыгып атышат. Балга да талап жогору экен.

-Негизи кувейттиктер бизден азык-түлүктөрдү импорт кылуудан башка Кыргызстандын дагы эмнесине көбүрөөк кызыкканы байкалат?

-Алардын кызыккан жерлери албетте, Кыргызстандын кооз жерлери. Тоолордун арасы. Капчыгайлар. Суулар. Алар бизге музейлердин кереги жок, тарыхий жерлерди кыдыруунун кереги жок, бизге ушундай табият керек, ошол табияттын ичинде 10 күн же 20 күн жашап кетсек эле, абдан чоң канааттануу алат элек деген ойлорду билдирип атышат. Анткени муну биздин Кырчын, Суусамыр жайлоолорубузга арабдардын көп келе баштаганынан байкаса болот. Бирок алар шарттарга көңүл бураары анык. Ошондуктан, биз экотуризмди жолго коюшубуз зарыл. Мисалы, ошол эле тамак-аштар, кызмат көрсөтүү стандартташтырылыш керек. Шарттарды жакшылап түзсөк эле, араб мамлекеттеринен көптөгөн туристтик агым келчүдөй.

-Рахмат маегиңизге.

Маектешкен: А. Белеков.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+39°C Тегеран
+17°C Москва
+26°C Алматы
+31°C Бишкек
+23°C Астана
+31°C Дүйшөмбү
+37°C Ашхабад
+36°C Ташкент