• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
×

Предупреждение

Не удалось загрузить XML-файл
Opening and ending tag mismatch: hr line 5 and body
Opening and ending tag mismatch: body line 3 and html
Premature end of data in tag html line 1
×

Ошибка

nbRatesHelper::loadRates(): Invalid server response
Категория: Интервью - Published: 12/02 - 16:49

Ош, 12-фераль, 2019-жыл. /ca-irnews.com/. 20-фералда Ош шаарынын «Алай» футболдук клубу Түркмөнстандын “Ахал” командасын кабыл алат.

Бул беттеш АКФ кубогунун алкагында өткөрүлүп жатканы маалым. Ушул беттеш алдында Оштогу Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадионду 12 млн. долларга капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча атайын долбоор даярдалып бүткөнү кабарланды. Долбоордо – стадиондун бардык трибуналарынын үстүн жабуу, чуркоо тилкесин резина менен каптап чыгуу сыяктуу иштерди аткаруу каралган. Булар тууралуу стадион директору Алмазбек Сулайманов ca-irnews агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып маалымдады. Эмесе, маекке көңүл буруңуздар.

-Саламатсызбы Алмазбек мырза? Сиз жетектеген “Алай” футболдук командасы Түркмөнстандын “Ахал” командасын кабыл алганы турат. Анын алдында командабыздын даярдыктары кандай болуп атат, алгач ушуга токтоло кетсеңиз?

-“Алай” командасы 2019-жылдын 20-февралында Түркмөнстандын “Ахал” командасын кабыл алат. Азыркы учурда биздин балдар толукталды. Жаңы келген футболчуларды атап өтсөм, Өзбекстандан Тимур Талипов аттуу жигитти кабыл алганбыз, ал ортодо ойной турган болду. Ал эми коргоочуга Чыңгыз Субанов деген баланы алдык. Бул Бишкектин “Абдыш-Ата” футболдук клубунан келди. Коргоочулук кызматта ушул эле клубдан келген Дастанбек Алыбеков да ойной турган болду. Ошондой эле коргоочу катары өзүбүздүн “Алай” командабыздан Султанбек Абжапар уулу ойнойт. Анан дарбазачы балдарды да коштук. Футболчуларыбыздын азыркы даярдыктары жакшы. Учурда машыгуу иштери кызуу жүрүп жатат.

-Эми суроону башка өңүткө бурсак. Кыргызстанда футбол жакшы өнүгүп жатканына баарыбыз кубанып турган чагыбыз. Бирок Оштогу Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондун Эл аралык мелдештерди өткөрүүдөгү абалы кандай?

-Жалпылап айтканда, биздин стадион андай Эл аралык футболдук беттештерди өткөрүүгө даяр. Себеби бизде футбол талаасы эң негизги маселелердин бири болот. Биздин оюн талаабыз азыркы учурда бардык талаптарга жооп берет. Ал эми трибуналар боюнча айта кетсек, өзүңүздөр билгендей, былтыркы жылы күн чыгыш тарабыбызда 3850 орунду жаңы койгонбуз. АФК футболдук оюндарын өткөрүүдөгү талаптарына ылайык келтирип, чечинип-кийинүү, жуунуу бөлмөлөрүн оңдоо сыяктуу бир канча иштерди аткардык. Негизинен Эл аралык беттештерди өткөрүүгө биздин стадион дайым эле даяр. Буга чейин деле өткөрүп келген.

-Сиздер стадионду толук оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү боюнча атайын чоң долбоор жазып, даярдап коюпсуздар. Бул кандай ишке ашат жана донор ким?

-2019-жылга карата өзүбүздүн алдыбызга жакшы пландарды коюп жатабыз. Ага ылайык, биздин стадиондун абалын башка өлкөлөрдөгүдөй кылып оңдосок деген тилектерибиз бар. Ошого байланыштуу атайын долбоор жаздык. Биздин экинчи машыгуучу аянтыбыз жасалма аянтча кылып, айланасын тоссокпу деп атабыз. Анан дагы бир кичи аянтчабыз бар, аны көрүүчүлөргө ылайыкташтырып оңдойлу деп атабыз. Мындан сырткары, жаш балдарды машыктыруучу атайын мектеп ачканы жатабыз. Ал эми чоң стадионубуздун бардык трибуналарынын үстүн жаап, чуркоо тилкесине резиналык брусчаткаларды орнотолу деп атабыз.

-Эми мунун сметалык жалпы баасы канча болуп атат?

-Жалпы суммасы 12 млн. доллар. Азыр ушунун үстүндө иштеп атабыз. Анан донорлорду азырынча атабай эле турганыбыз оң деп атабыз. Буйруса, ишке ашканда кошумча маалымдайбыз.

-Анан талылуу маселеге кайтсак да, коомчулукта стадиондун ажатканасы тууралуу катуу кеп болчу эле. Эл аралык мелдештерди өткөргөндө коноктор келет, уяттуу меймандар болот. Ошолор биздин стадионду көрүп, жакшы эмес ойдо кетет дегенчи. Анан ошол эле учурда стадиондогу кандайдыр бир чоң иш-чараларга келип, көрүүчү болуп отурган күйөрмандарга да ыңгайсыдык жаралат, ажаткананын абалы начар деп сындашат. Бул качан оңдолот?

-Бул маселени мен ар дайым жыл башында көтөрөм. Анткени чоң иш-чаралардын көпчүлүгү ушул стадиондо өтөт. Ошол эле футбол боюнча Кыргызстандын ички чемпионаттары, Эл аралык беттештер же маданий иш-чаралар, концерттердин баары ушул жерде өтөт. Анан ушундай шартта бизге чындап эле ажаткана керек болуп атат. Азыр мунун долбоору жазылды. Шаардык кеңеште каралып, бюджетке кошулду. Эми 2,2 млн. сом акча каражаты бөлүнө турган болууда. Буйруса быйыл, 2019-жылы, биздин стадионго жакшы шарттагы ажаткана салынат.

Маектешкен А. Белеков.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+36°C Тегеран
+17°C Москва
+26°C Алматы
+27°C Бишкек
+23°C Астана
+29°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+33°C Ташкент