• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Интервью - Published: 09/10 - 12:01

Арабстан падышасынын мурдагы кеңешчиси Жамал Хашыкжыны өлтүрүүгө Мухаммад бен Салман буйрук бериши мүмкүн экенин билдирди.

Mehr агенттигинин маалыматына ылайык,  акыркы күндөрү арабстандык жазуучу, журналист жана сынчы Жамал Хашыкжынын Стамбулдагы Арабстан консулдугунан уурдалып, андан соң жиликтелип өлтүрүлгөнү боюнча кабарлар таркаган.  

Бул маселе тууралуу Mehr агенттиги Американын “ Жорж Вашингтон” ЖОЖнун улук окутуучусу, профессор, Арабстандын Каржы министрлигинин мурдагы кеңешчиси Хусейн Аскари менен маектешкен.

Хусейн Аскари 1978-жылы Арабстандын Каржы министринин кеңешчиси, мурдагы падыша Малик Абдулланын кеңешчиси катары Арабстан экономикасынын архитектору катары таанымал. Аскари учурда Американын “Жорж Вашингтон” ЖОЖнун Эл аралык бизнес факультетинин окутуучусу жана Эл аралык башкаруу жана изилдөө институтун президенти болуп эмгектенет.  
 

Mehr агенттиги: Арабстан падышачылыгынын сынчысы Жамал Хашыкжы никесин каттодон өткөрүү үчүн Түркиядагы Арабстан консулдугуна кирген бойдон жок болуп кетип, эртеси табыты табылган. Айрым маалыматтарда айтылгандай, Арабстан тарабынан түзүлгөн 15 адамдан турган топ аны жиликтеп өлтүрүүгө буйрук алган деп айтылат. Сиздин ой пикириңиз боюнча, бул окуянын сахна артында эмнелер болуп жатат?

Хусейн Аскари: Ооба, бул иш Сауд Аравиянын иши болушу мүмкүн. Албетте, менин анын кандайча өлтүрүлгөнү боюнча маалыматым жок.

Mehr агенттиги: Биз мурдатан бери Арабстандын мураскер шахзаадасы Мухаммад бен Салмандын өз атаандаштары менен сынчыларына катуу чара көрүүсүнө күбө болуп келдик. Балким Сауд падышачылыгынын  сынчысы Жамал Хашыкжынын тагдыры да Мухаммад бен Салман аркылуу чечилгендир, буга кандай карайсыз?

Хусейн Аскари: Эгер ал түрк булактары айткандай, өлтүрүлгөн болсо, мындай буйрукту бир гана Мухаммад бен Салман гана бериши мүмкүн. Анткени Арабстанда мындай буйрук берүүгө падышадан башка эч ким батына албайт жана колунан да келбейт.

Mehr агенттиги: Силердин оюңарча Америка менен Түркия Жамал Хашыкжынын өлүмү боюнча Арабстанга кандай жооп берет?

Хусейн Аскари: Америка эч  кандай аракет кылбайт. Анткени Трамптын өкмөтү Мухаммад бен Салманды толук колдойт. Ал эми Түркия азыраак сынга алышы мүмкүн.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.48 0.00
RUB 1.04 0.00
KZT 0.19 0.00
USD 69.85 0.00
UZS 0.01 0.00
TMT 19.96 0.00
TJS 7.41 +0.03

Аба ырайы

 

+12°C Тегеран
 0°C Москва
+4°C Алматы
+4°C Бишкек
-7°C Астана
+10°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+11°C Ташкент